ТҮРКИЯ
4 мүнөт окуу
Тышкы иштер министри Фидан: Россия - Укаина согушунда туруктуу тынчтыкка абдан жакынбыз
Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын "тынчтык учурунда түзүлө турган деңиз элементинде жоопкерчиликти өзүнө алаарын" баса белгиледи.
Тышкы иштер министри Фидан: Россия  -  Укаина согушунда туруктуу тынчтыкка абдан жакынбыз
Фидан билдиргендей, жыйында ок атышпоону көзөмөлдөө, Украинанын токтотуучу потенциалы жана тынчтык келишими бузулган учурда мүмкүн болуучу аскердик чаралар талкууланды. / AA
7 Январь 2026

Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан шейшемби күнү Париждеги Түрк элчилигинде өткөн Украина боюнча Көңүлдөштөр коалициясынын саммитинен кийин журналисттерге берген маегинде: "Менимче, биз акыркы төрт жылдан бери уланып келе жаткан бул согушта узак мөөнөттүү тынчтыкка жакындап калдык. Жок дегенде тынчтыктын ачкычы болгон айрым тармактар ​​өзгөчө талкууланганын көрүп жатабыз", - деди.

Париж саммитинин маанисин баса белгилеген Фидан жолугушууда Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдогандын өкүлү болгонун жана иш-чарага Европа Биримдиги жана НАТО сыяктуу өлкөлөрдүн жана институттардын лидерлери да катышканын айтып: "Маанилүү маселелер талкууланды", - деди.

Фидан: «Биздин көргөнүбүз ушул — эгер бул келишимге кол коюлса, ал Украинадагы согушту гана токтоткон тынчтык келишими болбостон, ошол эле учурда узак мөөнөттүү келечекте Россия менен Европанын ортосундагы жаңы доордун тынчтык түзүлүшүнүн алкактарын белгилейт. Мындан тышкары, бул Россиянын келечектеги аймактык саясатын калыптандыруучу комплекстүү келишим болот»,- деп кошумчалады.

"Кара деңиздин коопсуздугу Түркиянын жоопкерчилигинде болушунан өткөн табигый нерсе жок"

Фидан тынчтык келишимине кол коюлган учурда ок атышууну көзөмөлдөө, Украинаны ооздуктоо жана ок атышуу токтотулса, кандай аскердик чараларды көрүүгө болору талкууланганын билдирди.

Түркия Республикасынын тышкы иштер министри: "Башынан бери аскердик жактан, президенттин көрсөтмөсү боюнча, куралдуу күчтөрүбүз ар дайым тынчтык абалында түзүлө турган деңиз күчтөрүнүн жоопкерчилигин Түркия өзүнө алат деген позицияны көрсөтүп келген. Бул багытта олуттуу жылыштардын болгонуна ишенем. Түркия Кара деңиздеги эң ири флоту бар НАТОго мүчө өлкө экенин эске алганда, Кара деңиздин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти Түркиянын өзүнө алышы — бул табигый көрүнүш. Буюрса, дагы көп адам өлүмүн алдын алуу жана аймакка туруктуулук алып келүү үчүн тынчтык келишимине эртерээк кол коюлат деген үмүттөмүн", - деп кошумчалады.

Фидан шейшемби күнү өткөн дагы бир жыйында, ыктымалдуу тынчтык келишими түзүлгөн учурда Украинанын экономикасын калыбына келтирүү маселесине басым жасалганын айтты.

Ал президент Эрдогандын бул маселеге болгон сезимталдыгын баса белгилеп, жараларды айыктырууда Түркиядан артык өлкө жок экенин белгиледи.

Фидан: "Жараларыбызды да, жардамга муктаж болгондордун жараларын айыктыра алабыз. Экономикалык инвестиция, ишкерлерибиздин жөндөмү, өзгөчө инфраструктура тармагында бул абдан маанилүү. Демек, тынчтык орногондон кийин экономикалык жандануу жана өнүгүүнүн жаралышында Түркия чоң роль ойнойт деп айта алабыз", - деп кошумчалады.

Фидан ошондой эле мамлекет башчылары менен жолугушууларды өткөргөнүн, маанилүү маселелерди талкуулаганын жана Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү менен учурдагы темаларды карап чыкканын айтты.

ЙПГ ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы

Фидан АКШ жана Израиль менен өз - зүнчө үч тараптуу жолугушуу үчүн Парижге барган Сириянын тышкы иштер министри Эсад Хасан Шейбани менен дагы ар кандай маселелерди талкуулаганын кошумчалады. Анкаранын үч тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөөнү улантып жатканын белгиледи.

Хакан Фидан: «Сирия жана Америка тараптары менен тынымсыз кеңешип турабыз. Бул жолугушуудан кийин аны менен жолуктук. Биз бир нече маселени, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдөгү жетишилген ийгиликтерди жана бир нече күн мурун ЙПГ менен болгон жолугушууларынын жыйынтыктарын же натыйжаларынын жоктугун кеңири талкууладык. Биз бул маселелерди кенен түрдө талкууладык», - деди.

Израилдин Сириядагы аракеттери "чагымчыл"

Фидан Анкарадагы АКШнын элчиси жана Сирия боюнча атайын элчи Том Баррак менен жолукканын, үч тараптуу сүйлөшүүлөр тууралуу анын маалыматын угуп, өз ой-пикирин бөлүшкөнүн айтты.

Израиь армиясы Башар ал-Асад режими кулагандан кийин 2024-жылдын аягынан бери Сириянын аймагына бир нече жолу чабуул жасады. Дамаск бул аракеттерди катуу айыптады.

Фидан Израилдин Сириядагы аракеттерин "чагымчыл" деп мүнөздөп: "Бул аракеттер Израилдин аймактагы кеңири жайылтуучу жана бөлүүчү саясатынын уландысы, биз муну көрүп турабыз. Бул жерде зарыл болгон аныктамаларды, талдоолорду жүргүзүү жана зарыл чараларды көрүү аймактын туруктуулугу үчүн абдан маанилүү", - деп билдирди.

“Израилдин Сомалилендди таанышы — «легитимсиздиктин» белгиси”

Фидан Израилдин Сомалинин сепаратисттик аймагы болгон Сомалилендди таануу боюнча эл аралык нааразычылыкты жараткан аракеттери Тель-Авивдин аймактагы туруксуздукту жайылтууга багытталган долбоорлорунун бири экендигин айтты.

Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар шейшемби күнү эртең менен, Сомалилендди өзүнчө мамлекет катары таануу чечиминен эки жума өткөндөн кийин Сомалилендге барды.

Хакан Фидан: "Биз эгемендүү өлкөнүн аймагын ушундай жол менен бөлүп-жарууга багытталган аракеттердин кабыл алынгыс экенин, "бөл, башкар" саясаты биздин аймакта өткөн чактын калдыгы экенин жана аймактык өлкөлөрдүн тилектештик аркылуу мунун болушуна жол бербей турганын билдиребиз", - деди.

Фидан Сомалиленд менен Сомалинин борбордук өкмөтүнүн ортосунда көптөн бери ички көйгөйлөрдүн бар экенин белгилеп, бул маселеге Түркиянын тышкы иштер министрлигинин элчиси ортомчулук кылууга дайындалганын айтты.

Фидан Израилдин Сомалилендди таануусу негизинен "мыйзамсыздыктын" белгиси экенин айтып:"Эгерде мыйзамсыздыктын борбору болгон Израил сыяктуу актер Сомалиленддин бардык тараптарын колдосо эмне болот? Албетте, бул маанилүү нерсе. Геостратегиялык көз караштан алганда, биз алардын күчүн көрсөтүү үчүн бир кадам жасоого аракет кылып жатканын көрүп жатабыз", - деди.

Иликте
Украина Орусиянын мунай кампасына ири дрон чабуулун жасады
Аракчи: Израилдин Тегерандагы күйүүчү май кампаларына карай чабуулу "эл аралык укукту бузду"
Израилдин Газага абадан сокку уруусунан төрт адам каза болду
Ирандын Революция cакчылары АКШнын үч базасына сокку урганын жарыялап, Нетаньяхуну коркутту
Орусиянын Украинанын бир нече жеринде жасаган соккулары алты адамдын өлүмүнө алып келди
Эрдоган Иран менен Ливандагы мектептерди жана ооруканаларды бутага алган «канкор желени» айыптады
Түркия 2000 чакырым аралыкка уча алган жасалма интеллект менен иштеген камикадзе дронун көрсөттү
Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан алты адам каза болду
Басып алынган Батыш Шериада жөөт отурукташкандар палестиналыктарга кол салышты
Түндүк Корея АКШ-Түштүк Корея машыгууларынын учурунда бир нече баллистикалык ракеталарды учурду
Эфиопияда жер көчкү кырсыгынан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды
Трамп: АКШ Ирандын Харг аралын бомбалады
Президент Эрдоган: «Түркияны согушка тартууну көздөгөн чагымчылыктарга каршы сергек болушубуз керек»
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы: Согушка карабастан Ирандан чоң көч жок
Baykar менен Leonardo  Европада өндүрүлө турган дрондор үчүн кызматташтыкты кеңейтет