ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
COP31 төрагасы жана айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум: "Ар бир сүйлөшүү бир эле учурда аяктабашы мүмкүн. Ар бир күтүү аткарыла бербейт. Бирок жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз".
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Министр Курум / Anadolu Agency (Wire)
 

Министр Курум NSosyal баракчасындагы билдирүүсүндө, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү эч бир өлкө жалгыз жеңе ала турган маселе эмес экенин айтты.

COP31 боюнча бул биргелешкен жоопкерчиликти аткаруу, өлкөлөрдүн ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн иштеп жатышканын айткан Курум, COP31ди жетектеген президент Режеп Таййип Эрдоганга жана Эмине Эрдоганга чоң колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Курум өз билдирүүсүндө буларга токтолду:

"Бул процесстеги сүйлөшүү өнөктөшүбүз Австралия өкмөтүнө анын ичинде климаттын өзгөрүшү жана энергетика министри Крис Боуэнге, Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгына жана эки жума бою Антальяда өз өлкөлөрүн көрсөтүп, жалпы тил табышууга аракет кылган бардык өлкө өкүлдөрүнө жана байкоочуларга ыраазычылык билдиргим келет. /…/. Ар бир сүйлөшүү бир эле учурда аякташы мүмкүн эмес. Ар бир күтүү аткарыла бербейт. Бирок биз жалпы үйүбүз дүйнө үчүн сүйлөөдөн, угуудан жана чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз" деди.

Антальяда өткөн дүйнөнүн эң ири климаттык саммити COP31дин жыйынтыгында ар тараптуу саясий консенсус документи кабыл алынган эмес.

Иликте
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"