CENTCOM: АКШнын Иранга каршы операциясы уланып жатат
АКШнын Борбордук командирилиги чабуулдарга 50 000 аскер, 200 согуштук учак жана эки учак ташуучу кеме катышып, өлкө боюнча дээрлик 2000 бутага сокку урулганын билдирди.
АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) командири генерал Брэд Купер шейшемби күнү 50 000ден ашык аскер, 200 согуштук учак жана эки учак ташуучу кеме Иранга каршы биргелешкен АКШ-Израиль чабуулдарына катышып жатканын кабарлады.
Видео кайрылуусунда Купер операциянын төрт күндөн бери жүрүп жатканын жана мунун АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң ири аскердик күч топтоосун билдиргенин айтты.
Купер чабуул башталгандан бери АКШ жана Израиль күчтөрү Ирандын жалпысында дээрлик 2000 бутага 2000ден ашык ок-дарыларды колдонуп сокку урганын маалымдады.
Купердин айтымында, Иран 500дөн ашык баллистикалык ракеталарды жана 2000ден ашык дрондорду учуруп, ири масштабдуу чабуулдар менен жооп кайтарды.
«Биз ошондой эле Ирандын деңиз флотун, бүтүндөй деңиз флотун чөктүрүүдөбүз. Азырынча 17 ирандык кемени жок кылдык», - деди.
Жооп кайтарууларга карабастан аскердик чабуул уланып жатканда Ирандын АКШ күчтөрүнө жана союздаштарына сокку уруу мүмкүнчүлүгү азайганын билдирди.
Ишемби күнү АКШ менен Израилдин Иранга ири масштабдуу чабуулдарынан кийин аймакта чыңалуу күчөдү, анын натыйжасында Жогорку лидер Али Хаменеи жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин кошкондо дээрлик 800 адам каза болду.
Иран буга жооп катары Израилге жана АКШнын аскердик базалары жайгашкан Перс булуңундагы мамлекеттерге дрон жана ракеталык чабуулдарды жасады.
CENTCOM операция учурунда Кувейттеги тактикалык операциялар борборуна Ирандын чабуулунан алты америкалык аскер каза болуп, бир нечеси жаракат алганын жарыялады.