Би-Би-Синин орус тилдеги кызматы Беларустук Cyber Partisans BY тобу жана украиналык Silent Crow тарабынан жасалган киберчабуулунан кийин 2021-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейинки мезгилдеги 11 миллиондон ашык өлүм жөнүндө жазууга жеткиликтүү болгонун билдирди.
Орусиянын Федералдык статистика кызматынын (Росстат) маалыматтарын өзүнүн анализи менен бириктирген Би-Би-Синин орус кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейин орус-украин согушунда 490 334 орусиялык жоокер каза болгон.
Росстат киберчабуул болгонун мойнуна алган, бирок корголгон маалымат ачыкка чыкпаганын билдирген.
5000ден ашык чет элдик аскер да набыт болгон
Талдоодо ошондой эле Орусия үчүн согушуп жүргөндө 5 017 чет элдик аскер набыт болгону айтылган.
Би-Би-Синин материалына ылайык, Украинанын президенти Владимир Зеленский 2026-жылдын июлунда жасаган билдирүүсүндө Украинанын аскердик жоготуусу 50 миңге жакын экенин айткан. Ал эми «UA Losses» аттуу сайтта бул көрсөткүч 115 миңге жакын деп ырастоо бар.











