Туура тандоо: Түрк мамлекеттери бирдиктүү алфавит аркылуу биримдикке умтулууда
МАДАНИЯТ
5 мүнөт окуу
Туура тандоо: Түрк мамлекеттери бирдиктүү алфавит аркылуу биримдикке умтулуудаТүрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) 12-саммитинде лидерлер түрк тилдерин бириктирүү, маданий байланыштарды чыңдоо жана санариптик инновацияларды өнүктүрүүнү максат кылган 34 тамгадан турган Орток түрк алфавитин тааныштырышты.
Орток түрк алфавити - TRTWorld
14 Октябрь 2025

Өткөн жумада Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) 12-саммити “Аймактык тынчтык жана коопсуздук” темасына арналды.

Бирок көпчүлүк үчүн бул саммиттин эң эсте кала турган билдирүүсү коопсуздук маселесине байланыштуу эмес эле.

Ал тамгалар тууралуу болду.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган түрк лидерлерине экиден китеп тартуулады — бири белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу, экинчиси түрк элдеринин генеалогиялык уламыштары болгон Огузнамелерден алынган. Бул эки китеп жаңы сунушталган 34 тамгадан турган Орток түрк алфавитинде басылып чыккан.

Бул кадам саясий, маданий жана технологиялык жактан терең мааниге ээ.

Түрк тилдүү элдер үчүн орток алфавит түзүү аракети жаңы эмес.

Бул идея 1926-жылы Бакуда өткөн Биринчи түркология конгрессинде көтөрүлгөн, анда окумуштуулар жана мамлекеттик ишмерлер латын алфавитине негизделген системаны сунушташкан.

Бирок Советтер Союзунун башкаруусу астында бул долбоор токтоп, түрк республикалары кириллицага өтүүгө аргасыз болушкан.

1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан кийин бул максат кайрадан көтөрүлдү.

Азыр болсо, ТМУнун алкагында бул демилге жаңы дем-күчкө ээ болду.

2024-жылдын сентябрында Азербайжанда Орток түрк алфавити комиссиясы чогулуп, түрк тилдеринин фонетикалык ар түрдүүлүгүн эске алуу менен 34 тамгадан турган стандартташтырылган система боюнча макулдашты.

Стамбулдагы Мармара университетинин түрк маданияты боюнча изилдөөчүсү, илимдин кандидаты Башак Кузакчы бул узак аракеттин маанисин TRT World каналына мындай түшүндүрдү: “Орток алфавит маселеси муундар бою ойлонуп келген идеал болчу. Алфавиттик биримдикке жетүү техникалык маселе эмес, бул маданий жакындашуу. Эгер түрк студенти казак, кыргыз же өзбек түркчөсүндөгү текстти оңой окуй алса, бизди бөлүп турган менталдык дубалдар жоголо баштайт”.

Бирок Кузакчы кыйынчылыктар дагы бар экенин кошумчалайт.

Кузакчы: «Бул милдет кылдат илимий пландоону жана мамлекеттердин ортосунда күчтүү координацияны талап кылат. Түрк тилдеринин фонетикалык айырмачылыктары эске алынышы керек... 34 тамгадан турган система ар бир тилдин уникалдуу үн системаларын сактоо үчүн ийкемдүүлүктү камсыздоого тийиш. Орток алфавиттин ийгилиги бул процесске «таңуулоо» катары эмес, бир маданий гармония долбоору катары мамиле жасоодон көз каранды болот. Биз аны ар бир өлкөнүн өздүгүн урматтаган, байланыштарды жеңилдеткен жана ар түрдүү диалекттерди бирдиктүү тамырдан азыктанууга мүмкүндүк берген маданий көпүрө катары элестетебиз»,-деп айтты.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Президент Эрдоган түрк мамлекеттерин аймактык коопсуздукта ролун күчөтүүгө чакырды

Алфавит жана технология

Жактоочулар орток алфавит маданиятты сактоо гана эмес, санариптик маанилүүлүккө да байланыштуу экенин айтышат.

Стандартташтыруу түрк тилдерин маалымат базаларында, программалык камсыздоодо жана жасалма интеллект системаларында көбүрөөк шайкеш кылат деп эсептешет.

“Орток алфавит түрк тилдерин санариптик чөйрөдө, маалымат базаларынан жасалма интеллектти үйрөтүү моделдерине чейин жакындатат,” — дейт Кузакчы.

“Бул кеңири шайкештик аянтын жаратат. Жасалма интеллект доорунда тил маданият гана эмес, инфраструктура болуп саналат.”

Бул технологиялык аспект эмнеге бул демилге дүйнөлүк державалар жасалма интеллектке негизделген тил технологияларына чоң инвестиция салып жаткан учурда актуалдуу болуп жатканын түшүндүрөт.

Түрк мамлекеттери үчүн алфавитти бириктирүү санарип доорунда өз үндөрүн жоготпоо жолу болуп саналат.

Стамбулдагы Ибн Халдун университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору жана Евразия боюнча адис Яшар Сары бул долбоордун терең тамырларын баса белгилейт.

“Алфавит маселеси түрк дүйнөсүндөгү эң алгачкы жана туруктуу талкуулардын бири болуп келген,” — дейт ал TRT World каналына.

“1990-жылдары эле окумуштуулар 34 тамгадан турган система боюнча консенсуска жетишкен. Анын саясий мааниси жакында эле, Эл аралык Түрк академиясы макулдашууга жетишилгенин жарыялаганда пайда болду,” — дейт ал.

Ошондой эле ал ТМУ саммити өткөн Азербайжандын түндүгүндөгү Габала шаарында президент Эрдогандын жасаган символикалык кадамынын маанисин белгилейт.

Профессор Яшар Сары: «Түркия түрк элдеринин жалпы сезимдерине үн кошкон Чыңгыз Айтматов жөнүндө китепти жана түрк өзгөчөлүгүнүн генеалогиясынын өзөгүн түзгөн «Огузнамалар» китебин басып чыгаруу менен бул чыгармаларды өзүнүн чегинен тышкары да окумдуу кылды», - деп кошумчалайт.

Профессор Яшар Сары: «Бул бир гана улутка эмес, өнөктөштүккө кайрылууга жол ачат. Бул демилге узак мөөнөттүү келечекте түрк коомдоруна орток интеллектуалдык негизди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет»,- деп жыйынтыктайт.

1993-жылы Анталияда өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин жыйынында түрк алфавитине «Q, X, W, Ñ, Ä» сыяктуу тамгаларды орток стандарт катары кошуу чечими кабыл алынган.

Бул процесс акыркы жылдарда Түрк тил бирикмесинин (TDT) алкагында институттук мааниге ээ болду.

Орток түрк алфавит комиссиясы 2024-жылдын 9-11-сентябрында Азербайжанда чогулуп, 34 тамгадан турган система боюнча бир пикирге келген.

Бул алфавит диалекттердин фонетикалык айырмачылыктарын эске алуу менен үндүү структурага негизделген гармонияны көздөйт.

Ошентип, акыркы саммитте айтылган жалпы алфавит максаты дээрлик бир кылымдык тарыхый негизге жана терең маданий мураска таянат.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Түрк дүйнөсүнүн биргелешкен күчү-Түрк Мамлекеттер Уюму

Маданий шайкештик

Профессор Сары Габаладагы жыйын 2021-жылы ТМУ өзүнүн азыркы аталышын расмий кабыл алгандан бери жасалган эң конкреттүү кадамдардын бири болгонун белгилейт.

Сары: «Мүчө мамлекеттер ар башка башкаруу системаларына жана саясий көз караштарына карабастан орток тил табышууда. Эң негизги орток баалуулук - иденттүүлүк, ал эми иденттүүлүктүн эң негизги элементи – тил»,- деп түшүндүрөт.

Орток алфавитке болгон түрткү 15-декабрды эл аралык деңгээлде “Дүйнөлүк түрк үй-бүлө тил күнү” катары таануу аракеттерин да камтыйт.

Мындай кадам түрк дүйнөсүндө тилдик биримдикти институционалдаштырууга гана эмес, аны дүйнөлүк деңгээлде көтөрүүгө да шарт түзмөк.

Ушул жагынан алганда, Габала тынчтык жана коопсуздук боюнча декларациялар менен гана эмес, жаңы маданий жана санариптик архитектуранын пайдубалын түптөө менен эсте калышы мүмкүн.

«Идея ишке ашканда, ал жалпы менталдык картаны жаратат. Жалпы алфавиттин чыныгы мааниси — өткөндү сактоо гана эмес, келечекти биргелешип түзүү,» - дейт Кузакчы.

Акырында, орток алфавит лингвистикалык реформа гана эмес, терең биримдикке жана биргелешкен прогресске көпүрө болуп саналат.

Бир кылымдык кыялды саясатка айландыруу менен түрк мамлекеттери өздөрүнүн тарыхын биргелешип жазууга даяр экенин көрсөтүп жатышат — бул жерде маданият, технология жана өздүк биригет.

«Узак мөөнөттө, менимче, жалпы алфавитти кабыл алуу түрк коомдорунун биргелешип ой жүгүртүүсүнө, жалпы интеллектуалдык алкакты өнүктүрүүсүнө жана жалпы аң-сезимди калыптандыруусуна шарт түзөт,» -деп жыйынтыктайт профессор Сары.

Иликте
Осман Хамди бейдин сүрөтү аукциондо 1,5 миллион долларга сатылды
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «2-Салттуу спорт оюндары» өтүүдө
Кыргызстанда «2-Эл аралык Мавераннахрдан Анадолуга  Ислам аалымдары» симпозиуму өттү
Лувр музейине кирген уурулар «баа жеткис» асыл таштарды уурдап кетишти
Түркияда  2200 жылдык 60 көрүстөн табылды
Быйыл «Манас» университетинин түзүлгөнүнө 30 жыл толду
Түркиянын Троя шаарында 4500 жылдык алтын брошь жана сейрек кездешүүчү жайташ табылды
Түркиянын Нөл калдык демилгеси экономикалык, экологиялык жана глобалдык таасирдин 8-жылын белгилейт
Гөбеклитепеден алынып келинген түрдүү экспонаттар Германияда атайын көргөзмөдө көрсөтүлөт
Венеция кинофестивалында "Хинд Раджабдын үнү" тасмасы экинчи сыйлыкты жеңип алды
Брэд Питт жана Хоакин Феникс Газадагы "Хинд Раджабдын үнү" тасмасына продюсерлик кылышат
Палестина Надин Айюб менен «Аалам сулуусу» сынагында тарыхый дебют кылат
Балетке өмүрүн арнаган айым:77 жаштагы кыргыз балерина Токомбаева өз өнөрүн жаңы муундарга өткөрүүдө
Кашмирдеги китеп тыюу салууcу Индиянын демократиясы жөнүндө эмнени ачыктайт?
Кол жазманы уурдоо: АКШда китепкана колдонуучусу сейрек кездешүүчү чыгармаларды уурдады
2024-жылы калктын саны өтө төмөндөгөн Японияда бала төрүүлүүсү да азаюуда
ChatGPT өспүрүмдөргө баңгизат, алкоголдук ичимдиктер жана суицид боюнча коркунучтуу кеңештерди берет
Meta: WhatsApp жалган аккаунттарга байланыштуу 6,8 миллионго жакын аккаунтту блоктоду
Кападокия  Мишелинде ордун алды
ЖИ сүйүктүү оюн каармандарыңызды алмаштыра алабы?