ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Президент Эрдоган түрк мамлекеттерин аймактык коопсуздукта ролун күчөтүүгө чакырды
Эрдоган Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун 12-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Сирия, Түштүк Кавказ жана маданий демилгелерге басым жасап, аймакта дагы активдүү роль ойноого чакырды.
Президент Эрдоган түрк мамлекеттерин аймактык коопсуздукта ролун күчөтүүгө чакырды
Азербайжандын Габала шаарында ТМУнун мамлекет башчыларынын 12-жыйынынын алдында үй-бүлөлүк сүрөт. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган түрк мамлекеттерин аймактагы туруктуулук менен коопсуздукту сактоодо активдүү роль ойноого чакырды.

Эрдоган шейшемби күнү Азербайжандын түндүгүндөгү Габала шаарында өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун 12-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө: «Түрк дүйнөсү аймагыбыздын ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн көп жагынан дагы активдүү роль ойной алат деп ишенебиз»,-деди.

Эл аралык системаны сындаган Эрдоган: «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши адамзаттын абийирине шек келтирген көптөгөн маселеге кайдыгер мамиле кылган эл аралык системага туш болдук»,-деди.

Сириядагы окуяларга токтолгон президент: «Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, Сирия өкмөтүнүн акыркы тогуз айдагы жетишкендиктери келечекке үмүт менен кароого мүмкүндүк берет»,-деди. Ал: «Түрк мамлекеттери катары биз Сирия өкмөтү менен кызматташуубузду мындан ары да улантышыбыз керек»,-деп, кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырды.

Түштүк Кавказ тууралуу сөз кылган Эрдоган: «Биз Түштүк Кавказдагы окуяларды гана байкабастан, аймакта тынчтык жана ырааттуулукту орнотуу үчүн ташталган кадамдарды да чын жүрөктөн колдоп жатабыз»,-деди.

Эрдоган Израилдин Катарга акыркы кол салууларын айыптап, аймактын ырааттуулугуна эң чоң коркунучтун бул өлкөнүн азыркы башкаруусунан келип чыкканын баса белгиледи.

Маданий демилгелерге кайрылган Эрдоган: «Түркия катары орток алфавитке карай алгачкы кадамды таштоодобуз.Биз дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Огузнамалар (Огуз түрктөрүнүн легендарлуу чыгармалары) жөнүндө орток алфавитте жазылган эмгекти басып чыгаруудабыз»,-деди.

Түркиянын тышкы иштер министри: Туруктуу тынчтык түрк мамлекеттеринин биримдиги менен мүмкүн

Тышкы иштер министри Хакан Фидан шейшемби күнү туруктуу тынчтык жана узак мөөнөттүү ырааттуулуктун ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы үзгүлтүксүз координация жана өнөктөштүктүн бекемделиши менен гана ишке ашарын айтты.

Фидан Азербайжандын Габала шаарында өткөн ТМУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

Түрк дүйнөсүнүн эми аймактык тең салмактуулуктарды түзүүчү негизги оюнчу болушу керектигин баса белгилеген Фидан, ТМУнун эң чоң күчүн мүчөлөр арасында тереңдеген өз ара ишеним жана кызматташтык экенин белгиледи.

Фидан Түрк дүйнөсүнүн аймактык жана глобалдык кыйынчылыктар алдында дагы көп жолугуусу керектигин, кайсы жерде позицияны түзүшү керек жана кандай биргелешкен кадамдарды таштаары тууралуу өз убагында кеңешүүсү керектигин белгиледи.

Шейшемби күнкү саммиттин негизги темасы болгон «Аймактык тынчтык жана коопсуздукка» токтолгон Фидан, мунун жалпы географиябыздын келечеги үчүн эң негизги приоритет экенин белгиледи. 

Туруктуу тынчтык жана узак мөөнөттүү ырааттуулукка ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы үзгүлтүксүз координация жана өнөктөштүктү бекемдөө менен гана жетүүгө болорун баса белгилеген Фидан, бул максатка жетүүнүн жолу геосаясий маселелерде гармонияда иш алып барууда, эл аралык платформаларда координацияны жана кызматташтыкты бекемдөөдө жана орчундуу маселелерде бирдиктүү үн менен дүйнөгө кайрылууда экенин белгиледи.

Фидан, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 2022-жылы TМУга байкоочу мамлекет болушунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мунун түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдаарын жана түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон Кипр түрк калкы дуушар болгон адилетсиз изоляциянын жоюлушу жана алардын укуктары менен тең бөлүштүрүлүшүн баса белгиледи.

Фидан ошондой эле жалпы географиянын туруктуулугу үчүн зарыл болгон Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкка жетишүү багытында олуттуу жылыштар болгондугун кошумчалады.

Иликте
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Түркиянын аймактык ролу Ирак багытында мунай агымын көбөйтүү максаты менен чыңдалат
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр