ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Сауд Арабиясы жетектеген коалиция чыңалууга байланыштуу ТӨК лидери Йеменден чыгып кеткенин айтты
Коалиция Айдаррус аз-Зубейдинин аскердик чыңалууну басаңдатуу максатында Эр-Риядда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө катышпаганын билдирди.
Сауд Арабиясы жетектеген коалиция чыңалууга байланыштуу ТӨК лидери Йеменден чыгып кеткенин айтты
Аны Сомалилендден Могадишого БАЭ офицерлеринин көзөмөлүндө алып барган учак. / Reuters
 

Сауд Арабиясынын жетекчилиги астында Йеменде иш жүргүзгөн коалиция Йемендин түштүгүндөгү жикчилдердин лидери Айдаррус аз-Зубейдинин кеме менен Сомалилендге барып, андан кийин Сомалинин Могадишо шаарына учкан учакка отурганын билдирди.

Коалиция бейшеби күнү эртең менен жарыяланган билдирүүсүндө "БАЭ офицерлеринин көзөмөлүндө" аз-Зубайдини Сомалилендден Могадишого алып бараткан учактын Абу-Дабидеги аскердик аэропортто учуп кетүүдөн бир саат мурун күткөнүн, бирок алигече аз-Зубайдинин учакта бар же жок экендиги белгисиз.

Коалициянын билдирүүсү Түштүк Өткөөл Кеңештин (ТӨК) лидери аз-Зубайдинин сүйлөшүүлөр үчүн Эр-Риядга уча албай жатканын жана кайда экени белгисиз экенин билдиргенден бир күн өткөндөн кийин жарыяланды. Бул өткөн айда башталган аскердик чыңалууну токтотуу аракеттерине көлөкө түшүрдү.

Йемендин түштүгүндө ылдамдык менен күч алган бул кризис мунайга бай Перс булуңунун эң күчтүү эки өлкөсү болгон Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин арасында бөлүнүүгө жол ачып Иран колдогон хусит козголоңчулар менен согушкан Йемендин эл аралык тармакта таанылган өкмөтүнүн лидерлигиндеги коалицияны бөлүп жарды.

Сауд Арабия жана БАЭ хусит козголоңчуларынын 2014 - жылы Йемендин борбор шаары Сананы колго алышынан кийин Йеменге биринчи жолу кийлигишти.

БАЭ кийинки жылы эл аралык деңгээлде таанылган өкмөттү колдоо үчүн Сауд Арабиясы колдогон коалицияга кошулган.

Иликте
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"