ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны 38ге жетти
АКШда жайгашкан адам укуктары уюмунун отчетуна ылайык, 31 облуста уланып жаткан нааразычылык акцияларында ондогон адамдар жараланып, 2217 адам камакка алынды.
Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны 38ге жетти
31 облуста нааразычылык акциялары өткөрүлүп, 34 митингчи менен төрт коопсуздук кызматкери каза болгону маалымдалды. / Reuters
 

Иран боюнча иш алып барган укук коргоо уюму шаршемби күнү билдиришинче, Ирандагы нааразылык акцияларында каза болгондордун саны 38ге жетти.

Уюмдун веб-сайтында жарыяланган отчетто демонстрациялар өлкө боюнча 11 күндөн бери уланып жатканы айтылды.

Отчетто 31 облуста нааразычылык акциялары өткөрүлүп, 34 митингчи менен төрт коопсуздук кызматкери каза болгону маалымдалды.

348 башка жерде өткөн демонстрацияларда ондогон адамдар жаракат алып, 2217 адам кармалды.

Отчетко ылайык, жаракаттардын көпчүлүгү ок атуучу курал жана желим октордон келип чыкты.

Бийлик каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны тууралуу эч кандай маалымат жарыялаган жок.

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү эгер Тегеран нааразычылык акцияларына каршы өлүмгө алып келүүчү күч колдонсо, Вашингтон аларга "жардамга барарын" айтты. Бул билдирүү Ирандын жогорку даражалуу аткаминерлеринин ачуусун келтирди.

Иран акыркы жумаларда экономикасынын начарлашынан жана риалдын долларга карата тездик менен девальвацияланышынан улам массалык нааразычылык акцияларына туш болду.

Иликте
Данияда мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынууда
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Газа тилкесине Израилдин кол салууларынан дагы эки палестиналык каза болду
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
БУУнун Ливияны Колдоо миссиясы Бенгазы портуна карата чабуулдарга терең тынчсыздуусун билдирди
Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын мектептеринин жабылышына нааразылык
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды