ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Бангладештин Тышкы иштер министри Рахман: Түркия өтө маанилүү өнөктөш
Бангладештин Тышкы иштер министри Халилур Рахман: "Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын төрагалыгына Бангладештин талапкерлигин колдоГОН өтө маанилүү өнөктөш"
Бангладештин Тышкы иштер министри Рахман: Түркия өтө маанилүү өнөктөш
Тышкы иштер министри Фидан Бангладештин тышкы иштер министри Рахман менен жолукту

Рахман Бангладештин борбору Даккада Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен болгон жолугушуудан кийин өткөргөн биргелешкен басма сөз жыйынында сүйлөдү.

Тышкы иштер министри катары өзүнүн алгачкы иш сапарын Түркияга жасаганын эске салган Рахман, бүгүн да кесиптеши Фидан менен өз ара урмат - сый жана түшүнүүнүн алкагында жолугушканын билдирди.

Өткөрүлгөн жолугушуулар Бангладеш менен Түркиянын ортосундагы көп жылдык достукту чагылдырарын белгилеген Рахман, Фидандын бул сапарына чоң маани беришерин айтты.

"Түркия — өзгөчө маанилүү өнөктөш. Бангладештин БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагалыгына көрсөткөн талапкерлигин колдогон абдан маанилүү өнөктөш", — деген Рахман, Түркиянын бул тармакта көрсөткөн колдоосун эч качан унутушпай турганын айтты.

Рахман глобалдык чакырыктардын алдында көп тараптуу кызматташтыктын мааниси жогору экенин баса белгиледи.

Фидандын сапары Бангладеш-Түркия карым - катнаштары үчүн маанилүү бир мезгилге туш келгенин айткан Рахман, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жана өнөктөштүктү мындан ары да жогорку деңгээлге көтөрүүнү максат кылгандарын билдирди.

Рахман сүйлөшүү учурунда Фиданга түрк инвесторлорунун Бангладештеги түрдүү экономикалык аймактардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышарын айтканын белгиледи.

Бангладеш туш болгон эң маанилүү гуманитардык жана дипломатиялык сыноолордун бири Рохинья кризиси экенин баса белгилеген Рахман, бул маселеде буга чейин маанилүү милдеттерди аткарганын, көйгөйдүн масштабын жана олуттуулугун жакындан билерин айтты.

Түркиянын Рохинья кризисиндеги ролуна жогору баа бергенин билдирген Рахман, Анкара гуманитардык жардам жана дипломатиялык колдоо көрсөтүүдө кризис башталгандан бери Бангладештин жанында экенине көңүлдөрдү бурду.

Фидандын бул сапарынын алкагында Рохинья качкындар лагерлерине да барарын эске салган Рахман, түрк ооруканасы лагерлердеги эң маанилүү колдоо механизмдеринин бири экенин, ошондой эле Түркия кризисти чечүүгө багытталган аймактык жана эл аралык демилгелерге да өз салымын кошуп жатканын кошумчалады.

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту