ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Украинанын президенти Зеленский АКШнын Орусияга жетиштүү кысым көрсөтпөгөнүн жактады
Владимир Зеленский АКШ Жакынкы Чыгышка көбүрөөк көңүл буруп, тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Орусияга жетиштүү кысым көрсөтпөй жатканын билдирди.
Украинанын президенти Зеленский АКШнын Орусияга жетиштүү кысым көрсөтпөгөнүн жактады
Украинанын президенти Володимир Зеленский / reuters
 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-11-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө эч кандай олуттуу жылыштар болбогонун айтты.

Киевде BBCге берген маегинде Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптын социалдык медиадагы билдирүүсүндө Орусиянын президенти Владимир Путинди "менин досум" деп атаганы "таң калыштуу" экенин айтып, "Ал агрессор жана киши өлтүргүч. Ал дос боло албайт" деп кошумчалады.

Зеленский 10-11-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө эч кандай олуттуу жылыштар болбогонун жана сүйлөшүүлөр декабрь айында улантылаарын маалымдады.

Сүйлөшүүлөрдө натыйжага жетүү үчүн "Орусияга кысым көрсөтө ала турган чыныгы жардамчы союздаш" болууга чакырган Зеленский "АКШ күчтүү жана кадыр-барктуу өлкө катары өзүнүн кадыр-баркына татыктуу түрдө иш-аракет кылышы керек. Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Орусияга жетиштүү кысым көрсөтпөй жатышат. Алардын Жакынкы Чыгышка көбүрөөк көңүл бурушу өкүнүчтүү. Бул боюнча бизде олуттуу суроолор бар", - деп билдирди.

Ал ошондой эле Patriot абадан коргонуу системаларын жеткирүүдөгү кечигүүлөргө көңүл буруп, "Бул ракеталардын кечигүүсү адамдардын өмүрүнө таасир этет" деди.

Владимир Зеленский АКШда жайгашкан SpaceX Starlink спутниктик байланыш системасына жана аскердик Starshield кызматына карата уланып жаткан чектөөлөр Украинанын дрондон коргонуу ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жатканын да баса белгилеп, Украина оор жана кооптуу кышка даярданып жатканын кошумчалады.

Иликте
Түштүк Корея: "АКШ-Иран согушуна аралашуу жана аймакка аскер жөнөтүү ниетибиз жок"
Түркия Египетте танкердеги өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Акыркы 48 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан он сегиз палестиналык каза болду
Иракта ДЕАШ террордук уюмунун мүчөсү болгон сегиз француз жараны өмүр бою эркинен ажыратылды
Түркия-Ливия деңиз аймагы жөнүндө келишими Расмий гезитте жарыяланды
Алжирде эки унаа катышкан жол кырсыгынан 12 адам каза болду
БУУ: "Сомалиде гуманитардык жардам планынын болжолдуу түрдө 36 пайызы гана каржыланган"
ВТА «Манас» аэропортундагы тамак-аш жана суусундуктарды сатууну өз көзөмөлүнө алды
Достук дельфиндердин өмүрүн узартат
Пакистанда курулуп жаткан алты кабаттуу имараттын кулашынан үч адам каза болуп, 14 адам жаракат алды
Судан армиясы Түштүк Кордофанда бир дронду атып түшүргөнүн билдирди
Фенербахче Чемпиондор Лигасында Шахтер Донецкти 1:0 эсебинде жеңди
Испанияда суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты
Израиль Газада өлтүргөн палестиналык журналист Рори Пек сыйлыгы менен сыйланды
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды