Нигер өкмөтү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Диффа аймагында аскердик патрулга Боко Харам мүчөлөрүнүн кол салуусунан 11 жоокер каза болуп, 5и жаракат алганын кабарлады.
Нигердин мамлекеттик телеканалындагы өкмөттүн билдирүүсүндө, кол салуу Диффа аймагындагы Баруа айылынын жанында болгону айтылды.
Билдирүүдө ошондой эле андан кийинки кагылышууларда 22 террорист өлтүрүлгөнү белгиленди.
Нигердин түштүк-чыгышында, Нигерия чек арасына жакын жайгашкан Диффа аймагы Боко Харамдын иш алып барган аймактарынын катарына кирет.
Боко Харамдын жана Боко Харамдан бөлүнүп чыккан ДЕАШ менен байланышкан ISWAP тобунун кол салуулары Нигердин, Нигериянын, Чаддын жана Камерундун Чад көлүнүн бассейнин камтыган айрым жерлеринде көптөн бери коопсуздук көйгөйлөрүн жаратып келет.











