Түндүк Корея Пхеньяндагы Швейцариянын дипломатиялык миссиясынын башчысы Сильвен Астьерди өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиришинче, дипломатка өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 48 саат убакыт берилди.
Түндүк Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттиги — KCNA Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып, министрлик Швейцариянын дипломатиялык миссиясынын башчысын чакырып, аны персона нон грата, башкача айтканда, өлкөдө болушу кааланбаган адам деп жарыялаганын маалымдады.
Пхеньян мындай чечимин Швейцариянын Түндүк Кореядагы Сонгдовон эл аралык балдар лагерине каршы санкция киргизгени менен байланыштырды. Түндүк Кореянын бийлиги бул кадамды ачык душмандык аракет катары мүнөздөдү.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөнүн эгемендик укуктарына жана жарандарынын кызыкчылыктарына шек келтирген аракеттерге жол берилбей турганы белгиленген.
Буга чейин, шейшемби күнү, Пхеньян Швейцариянын санкцияларын айыптап, жакында кайра ачылган дипломатиялык кеңсесинин ишин токтотуу мүмкүнчүлүгүн да карап жатканын билдирген.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы, бийликтеги партиянын жогорку кызматтагы өкүлү Ким Ё Чжондун айтымында, Швейцария Сонгдовон балдар лагерин санкциялар тизмесине киргизген. Анын пикиринде, бул чечим Европа Биримдигинин Украинадагы согушка байланыштуу Россияга каршы киргизген санкцияларына кошулуп жасалган кадам болгон.
Белгилей кетсек, Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис өткөн айда Пхеньянга барып, өлкөнүн дипломатиялык кеңсесинин кайра ачылыш аземине катышкан. Ал сапардан бир нече жума өткөндөн кийин эки өлкөнүн ортосунда ушундай дипломатиялык чыңалуу жаралды.
Булак: Түндүк Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттиги (KCNA).











