ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин Газадан орус жаранын бошоткон Хамаска ыраазычылык билдирди
Путиндин бул кадамы АКШ менен Израилдин Хамас барымтадагыларды бошотуудан баш тартып жатат деген ырастоолоруна карама-каршы келет. Бул дооматтарды барымтадагылар өздөрү да четке кагышкан.
Путин Газадан орус жаранын бошоткон Хамаска ыраазычылык билдирди
Russian news agencies said Putin also presented flowers to Trufanov's mother, Elena, and his fiancee, Sapir Cohen, who were also among some 250 hostages. / Reuters
 

Орусиянын президенти Владимир Путин Палестинанын Газа аймагынан орус жаранынын бошотулушунан кийин Хамаска ыраазычылык билдирди.

Жакында эле бошотулган орус жараны Александр Труфанов жана анын үй-бүлөсү менен Кремлде жолуккан Путин шаршемби күнкү билдирүүсүндө, Труфановдун бошотулушун Орусиянын Палестина эли менен эзелтен бери келе жаткан мамилесине байланыштырды.

"Албетте биз ушундай ийгиликтерди тез-тез кайталоо жана ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөргөндөрдүн эркиндигин камсыз кылуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз", - деди Путин.

Труфановду бошоткондугу үчүн палестиналык ХАМАС тобуна ыраазычылык билдирген Путин аймактагы жалпы кырдаал боюнча саясий баа берген жок.

"Менин оюмча, Хамастын саясий жетекчилигине биздин чакырыгыбызга кулак салып, бул кадамды ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек — сиз бошотулдуңуз. Ошол үчүн сизди куттуктагым келет", - деди.

Орус маалымат агенттиктери Путиндин ошондой эле Труфановдун апасы Елена менен анын сүйлөшкөн кызы Сапир Коэнге гүл тапшырганын жазышты. Бул адамдар да 250гө жакын туткундун арасында эле.

АКШ менен Израилдин эки жүздүүлүгү

Путиндин бул кадамы АКШ менен Израилдин ХАМАС барымтадагыларды бошотууга каршы чыгып жатат деген дооматтарына карама-каршы келет. Бул дооматтарды барымтадагылардын өздөрү да четке каккан.

Шаршемби күнү палестиналык Ислам Жихады тобу израилдик-немис жараны Ром Браславскинин видеосун жарыялады. Видеодо Браславски премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну курчоого алынган Газаны тынымсыз бомбалоосу үчүн сындаган.

“Кайдасың?” – деп сураган Браславски, Нетаньяхуну барымтадагыларды бошотуу убадасын аткарбаганы үчүн күнөөлөгөн.

Ал ошондой эле Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирди да ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу келишимине каршы чыкканы үчүн айыптады.

Аптанын башында израилдик-америкалык туткун Эдан Александр президент Дональд Трампты Нетаньяхунун калптарына ишенгени үчүн сынга алган.

Александр Хамастын бир нече апта мурун барымтадагыларды бошотууга даяр экенин, бирок Нетаньяху андан баш тартып ок атышпоону токтотконун жана согушун кайра баштоону чечкенин эске салды.

Иликте
Россия: «Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы боюнча түшүнүк бар»
Иран: "Ормуз кысыгында дагы бир мунай танкери деңиз миналарына урунуп, өрттөнүп кетти"
БУУ: "2025-жылы жакын адамдары тарабынан өлтүрүлгөн аялдардын көрсөткүчү жогору бойдон"
Иран парламентинин cпикери: 7 шарт аткарылмайынча эч кандай кадам ташталбайт жана сүйлөшүү болбойт
Түркия Кара деңизде коопсуз кеме жүрүү үчүн "натыйжалуу механизмди" иштеп чыгууда
Иран: "АКШнын деңиз блокадасын аскердик жол менен буза турчу кадамдарды жасайбыз"
Данияда мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынууда
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Газа тилкесине Израилдин кол салууларынан дагы эки палестиналык каза болду
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок