ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
БУУ комиссары Албанезенин Коста-Рикага киргизилбей жатканына тынчсызданды
"Бул абалды Коста-Риканын адам укуктарына болгон терең берилгендиги менен шайкеш келтирүү кыйын."
БУУ комиссары Албанезенин Коста-Рикага киргизилбей жатканына тынчсызданды
(АРХИВ) Палестина боюнча атайын баяндамачы Альбанезе Коста-Рикага киргизилген жок / АА
 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Түрк БУУнун Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанененин Коста-Рикага кирүүсүнө уруксат берилбегенине байланыштуу өлкө бийлигине кайрылып, өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүнү талап кылды.

Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын басма сөз катчысы Равина Шамдасани “Анадолу” агенттигинин кабарчысына берген жазуу жүзүндөгү жообунда билдирди.

Анын айтымында, БУУнун өкүлдөрү бул маселе боюнча Коста-Риканын бийлиги менен түз байланышта.

«Биз Коста-Рика бийлиги менен түз байланыштабыз жана Жогорку комиссар Фолькер Түрктүн тынчсызданууларын аларга жеткирдик», — деп белгиледи Шамдасани.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Түрк да X социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жарыялап, Франческа Албаненеге Коста-Рикага кирүүгө уруксат берилбегенине тынчсыздануусун билдирди.

Түрк Коста-Риканын бийлигин чечимин тез арада кайра карап чыгып, Франческа Албанененин өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүгө чакырды.

Ал эми БУУнун Палестина боюнча атайын баяндамачысы Албанезе X баракчасындагы билдирүүсүндө: «Империянын чыныгы жүзүн кыжырданганда же чегинен чыкканда түшүнөсүң», — деп жазган.

Альбанезе башка бир жазуусунда чемодандары жана жеке буюмдары менен аэропортто турган жерин көрсөткөн.

Иликте
Түштүк Корея: "АКШ-Иран согушуна аралашуу жана аймакка аскер жөнөтүү ниетибиз жок"
Түркия Египетте танкердеги өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Акыркы 48 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан он сегиз палестиналык каза болду
Иракта ДЕАШ террордук уюмунун мүчөсү болгон сегиз француз жараны өмүр бою эркинен ажыратылды
Түркия-Ливия деңиз аймагы жөнүндө келишими Расмий гезитте жарыяланды
Алжирде эки унаа катышкан жол кырсыгынан 12 адам каза болду
БУУ: "Сомалиде гуманитардык жардам планынын болжолдуу түрдө 36 пайызы гана каржыланган"
ВТА «Манас» аэропортундагы тамак-аш жана суусундуктарды сатууну өз көзөмөлүнө алды
Достук дельфиндердин өмүрүн узартат
Пакистанда курулуп жаткан алты кабаттуу имараттын кулашынан үч адам каза болуп, 14 адам жаракат алды
Судан армиясы Түштүк Кордофанда бир дронду атып түшүргөнүн билдирди
Фенербахче Чемпиондор Лигасында Шахтер Донецкти 1:0 эсебинде жеңди
Испанияда суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты
Израиль Газада өлтүргөн палестиналык журналист Рори Пек сыйлыгы менен сыйланды
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды