Сереп салуу
САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Эмне үчүн Москва Трамптын энергетикалык элдешүү боюнча жарыясына унчукпай жатат?
Трамп Орусия менен Украина энергетикалык инфраструктурага кол салууну токтотуу үчүн ок атышууну токтотууга макул болгонун жарыялады. Бирок, Кремль бул келишимди тастыктай элек.
Эмне үчүн Москва Трамптын энергетикалык элдешүү боюнча жарыясына унчукпай жатат?
Бул сүрөттө 2026-жылдын 21-майында Москва шаарынын борборунда тартылган Кремлдин көрүнүшү чагылдырылган. (Сүрөт / AFP)
 

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кол салууну токтотуу үчүн Орусия менен тез арада ок атышууну токтотууга макул болгонун жарыялады. Бирок, Украинанын президенти Владимир Зеленский бул жарыяны өзү үчүн да жаңы окуя катары сыпаттады, ал эми Кремль азырынча келишимди тастыктай элек.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Зеленский Орусия ок атышпоону кабыл алса, Украинада шайлоо өткөрүлөрүн айтты

BBC каналынын Орусиядагы редактору Стив Розенбергдин айтымында, Москва ок атышууну токтотуу Украинанын колун байлап, Орусияга артыкчылык берет деп эсептейт.

Трамп жекшемби күнү Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кол салууну токтотуу үчүн Орусия менен макул болгонун жарыялады. Киев өкмөтү эгер Орусия дагы келишимди сактаса, ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин бул маселе боюнча суроолоруна: «Байланыштар уланууда. Айта турган сөзүбүз болгондо сизге сөзсүз кабарлайбыз», - деп жооп берди.

Москва келишимди өз пайдасына чечет

Кремлге жакын орусиялык маалымат каражаттары Трамптын ок атышууну токтотуу жөнүндөгү жарыясын Москва үчүн «белек» деп эсептешти. Өкмөттү колдогон «Московский Комсомолец» гезити келишим Орусияга пайда алып келет деп ырастады.

Гезиттин маалыматы боюнча, Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине кол салууну токтотот жана анын ордуна Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорун бутага алышына жол берилбейт. Гезит мунун бир тараптуу келишимге айланышы мүмкүн деп божомолдогон. 

Акыркы айларда Украинанын Орусиянын мунай объектилерине узак аралыкка учуучу дрондор менен кол салуулары өлкө боюнча олуттуу зыянга жана күйүүчү майдын тартыштыгына алып келди.

Эгер Украина бул кол салууларды уланта берсе, Москва Киевди АКШнын экономикалык кызыкчылыктарына зыян келтирди деп айыпташы мүмкүн экени белгиленген. Орусиянын расмий өкүлдөрү ошондой эле бул кол салуулар АКШнын Орусиядан дизель отунун импорттоо боюнча келишимин бузат деп ырасташы мүмкүн.

ТийиштүүFacebook

Трамп келишим америкалык керектөөчүлөргө пайда алып келет деп ырастаса да, импорттун көлөмүнүн көбөйүшү күйүүчү майдын баасын бир топ төмөндөтөбү же жокпу деген күмөн саноолор сакталууда.

Кремль АКШнын Украинага колдоосун азайтуун каалайт

Розенбергдин баалоосуна ылайык, Кремль Вашингтондун Украинанын Орусиянын энергетикалык объектилерине кол салуусуна жана АКШнын Киевге колдоосунун азайышына карата аракеттерин кубаттайт.

Москва Вашингтондун Украина менен чалгындоо маалыматын бөлүшүүнү токтотушун жана Киевге багытталган Европа өлкөлөрүнө курал-жарак сатууну токтотуусун каалайт.

Трамптын Украинанын президенти Зеленскийге байланыштуу «Менимче, Украинага жаңы президентти шайлоого убакыт келди» деген билдирүүсүн Кремль да кубаттады.

Зеленский Украинада президенттик шайлоо өткөрүү үчүн Орусиядан 60 күндүк ок атышууну токтотууну суранды. Бирок, Песков Москва убактылуу ок атышууну токтотуунун ордуна узак мөөнөттүү тынчтыкты каалайт деп билдирди.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Орусия: "Убактылуу ок атышпоону эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкты каалайбыз"

 Дүйшөмбү күнү Кремль шайлоо өткөрүү үчүн бир күндүк ок атышууну токтотууну сунуштады. Бирок, бул сунуш Украина жана Батыш өлкөлөрү тарабынан олуттуу чечим катары каралбайт деп күтүлүүдө.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да дүйшөмбү күнү Украина ок атышууну токтотуу бере турган «дем алууга» татыктуу эмес экенин билдирди.

Москванын максаты өзгөрүүсүз калууда

Орусиянын энергетикалык инфраструктурага чабуулдары уланып, кыш жакындап келе жаткандыктан Украинага кысымды күчөтүү аракеттери Кремлдин согушту токтотууга даяр эместиги жөнүндөгү баалоолорду бекемдейт.

Зеленский дүйшөмбү күнү Орусия Украинадагы ар кандай энергетикалык объектилерди түнкүсүн жана эртең мененки сааттарда бутага алганын билдирди.

Кремльди жактаган «Московский Комсомолец» гезити Украинаны Орусиянын шарттары менен тынчтыкты кабыл алууга мажбурлоо үчүн «Аны таш дооруна кайтарууга» чакырды.

Розенбергдин айтымында, Москванын негизги максаты өзгөрүүсүз калууда: Украинаны багынып берүүгө мажбурлоо. Кремль Трамп менен дизель отуну боюнча келишим жана АКШ президентинин Зеленскийге болгон чыдамсыздыгынын күчөшү бул максатка жетүүгө жардам берет деп эсептейт.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Украина: "Зеленский президент Эрдогандын ортомчулугунда Путин менен жолугушушу мүмкүн"

 

Иликте
Түштүк Корея: "АКШ-Иран согушуна аралашуу жана аймакка аскер жөнөтүү ниетибиз жок"
Түркия Египетте танкердеги өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Акыркы 48 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан он сегиз палестиналык каза болду
Иракта ДЕАШ террордук уюмунун мүчөсү болгон сегиз француз жараны өмүр бою эркинен ажыратылды
Түркия-Ливия деңиз аймагы жөнүндө келишими Расмий гезитте жарыяланды
Алжирде эки унаа катышкан жол кырсыгынан 12 адам каза болду
БУУ: "Сомалиде гуманитардык жардам планынын болжолдуу түрдө 36 пайызы гана каржыланган"
ВТА «Манас» аэропортундагы тамак-аш жана суусундуктарды сатууну өз көзөмөлүнө алды
Достук дельфиндердин өмүрүн узартат
Пакистанда курулуп жаткан алты кабаттуу имараттын кулашынан үч адам каза болуп, 14 адам жаракат алды
Судан армиясы Түштүк Кордофанда бир дронду атып түшүргөнүн билдирди
Фенербахче Чемпиондор Лигасында Шахтер Донецкти 1:0 эсебинде жеңди
Испанияда суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты
Израиль Газада өлтүргөн палестиналык журналист Рори Пек сыйлыгы менен сыйланды
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды