АКШнын президенти Дональд Трамптын сынынан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин 60 күндүк ок атышпоону кабыл алса, Украинада шайлоо өткөрө тургандарын айтты.
ABC телеканалына берген маегинде Зеленский: "Суранам Путинге айткыла, бизге эки ай, 60 күнгө толук ок атышпоону камсыздасын. 60 күндүн ичинде шайлоо өткөрөбүз", - деди.
Трамп АКШ орусиялык күйүүчү майга карата санкцияларды убактылуу алып салгандан бир күн өткөндөн кийин ишемби күнү Зеленскийди Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна кол салуулардан улам сындаган.
Бул санкциялар, Орусиянын Украинадагы согушту каржылоо үчүн алган кирешесин азайтууга багытталган.
Трамп Ак үйдө кабарчыларга берген маегинде: "Менимче, Украинага жаңы президентти шайлоого убакыт келди", - деген болчу.
Трамптын сөздөрүнө жооп катары Зеленский өлкөнүн лидерин тандоо чечими украин элине таандык экенин айтып, Путиндин да Украина өкмөтүнүн өзгөрүшүн каалааганына көңүл бурду.
Зеленский Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү дүйнө жүзү боюнча белгилүү экенин жана баалардын көтөрүлүшүнө Украинаны күнөөлөө оңой экенин айтты.
Украина президенти жекшемби күнү да Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кол салуусун токтотсо, алар Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорун бутага алууну токтотууга даяр экенин билдирген.


















