Германияда Солчул партиянын депутаттары Израилдин Моссад чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Дэвид Барнеанын Бундестагдагы иш-чарага катышуусуна каршылык көрсөтүштү.
Бүгүн Берлинде өткөн нааразычылык акциясында депутаттар анын жыйындар залына киришине бөгөт коюуга аракет кылышты.
Депутаттар Барнеаны 2024-жылдын сентябрында Ливанда миңдеген пейджерлер менен рациялардын жардырылышынан жооптуу деп айыпташты.
Солчул партиянын өкүлдөрү бул чабуулдарда жарандардын да бутага алынганын белгилеп, Барнеаны Германияда сот жообуна тартуу керектигин билдиришти.
Европанын Адам укуктары боюнча соту согуш кылмыштарына шектүү деп даттануу берди
Берлиндеги Европа Конституциялык жана адам укуктары борбору (ECCHR) 19-ноябрда Германиянын Федералдык прокуратурасына Моссаддын мурдагы башчысы Дэвид Барнеага каршы арыз менен кайрылды.
Уюмдун маалыматына караганда, Барнеа 2024-жылдын сентябрында Ливанда миңдеген пейджерлер менен рациялардын жардырылышын пландаштырууда жана ишке ашырууда маанилүү роль ойногон.
Борбор Германиянын прокуратурасынан ага карата согуш кылмыштарына байланыштуу тергөө жүргүзүүнү жана Барнеа өлкөгө кирген учурда камакка алууну өтүндү.











