Президент Режеп Таййип Эрдоган Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жума күнү өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнаштарды, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.
Эрдоган Стармерге Бириккен Улуттар Уюмунун быйылкы Башкы ассамблеясынын Палестинада эки мамлекеттүү чечимге карай аракеттерди алдыга жылдырууда пайдалуу болгонун айтты.
Эрдоган Улуу Британиянын Палестинаны мамлекет катары таануу чечиминен улам Стармерди куттуктап, Палестинаны Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Улуу Британия жана Франция сыяктуу мүчөлөрү тарабынан таанылышынын «тарыхый абал» экендигин баса белгиледи.
Президент Эрдоган Палестинага берилген колдоонун ылдамдыгынын сакталышы керектигин, Нетаньяху өкмөтүн токтотуу үчүн дипломатиялык кысымдан тышкары чараларды көрүү керектигин айтты.
Улуу Британия жекшемби күнү бул кадамга барган 150дөн ашык өлкөгө кошулуп, Палестина мамлекетин расмий тааныды.
Улуу Британиянын премьер-министри Кирр Стармер Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алдындагы видео билдирүүсүндө: «Жакынкы Чыгышта күчөгөн террордун алдында биз тынчтык жана эки мамлекеттүү чечим мүмкүнчүлүгүн сактап калуу үчүн аракет кылып жатабыз»,-деди.
Стармер тынчтыктын «коопсуз жана ишенимдүү Израиль менен жашоого жөндөмдүү Палестина мамлекетинин» түзүлүшү менен гана ишке ашарын белгилеп: «Учурда экөөсүнө тең ээ эмеспиз",- деди.
















