Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши ушул жумада шашылыш жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Эстониянын Тышкы иштер министрлиги жекшемби күнү билдирди. Жыйындын себеби - үч орус учагынын Эстониянын аба мейкиндигине кирип кетиши болду.
Орусиянын үч МиГ-31 согуштук учагы жума күнү Финляндия булуңунун үстүндө Эстониянын аба мейкиндигин бузду. Бул абалга Евробиримдик менен НАТО коркунучтуу провокация катары сереп салып, Москва айыптоолорду четке какты.
НАТОнун Балтика өлкөлөрүндөгү абадан коргонуу миссиясына караштуу италиялык F-35 учактары швед жана фин учактары менен бирге орус учактарына бөгөт болуп, аларды артка кайтарууга аракет кылышты.
Эстониянын Тышкы иштер министрлиги "22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши өткөн жума күнү Орусиянын Эстониянын аба мейкиндигин одоно бузганына жооп иретинде чукул жыйын өткөрөт" деп билдирди.
Украинанын ишенимдүү колдоочусу, Евробиримдик менен НАТОнун мүчөсү Эстония БУУнун 34 жылдык мүчөлүгүндө биринчи жолу Коопсуздук кеңешинен чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда.
Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна бул окуяны «Орусиянын регионалдык жана глобалдык деңгээлде чыңалууну күчөтүү аракеттеринин бир бөлүгү» деп сыпаттады. Ал буга чейин Польша жана Румыниянын аба мейкиндигинин бузулушун эске салды.
«Бул жүрүм-турум эл аралык жоопту талап кылат», - деп баса белгиледи Цахкна.




















