ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны 1500дөн ашты
Индонезия жана Шри - Ланкада дээрлик 900 киши дайынсыз жоголууда. Куткаруучулар жол катнашы үзгүлтүккө учураган коомчулуктарга жетүүдө кыйналууда, аман калгандар бир нече күндөн бери таза суу, тамак-аш же жардам ала албай жатканын айтышууда.
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Расмийлер Индонезияда 867, Шри-Ланкада 486, Таиландда 185 жана Малайзияда 3 адамдын өлүмүн ырастады. / AP

Азия боюнча өзгөчө кырдаалдар кызматтары жума күнү Индонезия менен Шри-Ланкада 1500дөн ашык адамдын өмүрүн алып, бүтүндөй коомчулуктарды жок болушуна жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдөн кийин муктаж болгондорго жардам жеткирүү үчүн мобилизацияланды.

Жетекчилер Индонезияда 867, Шри-Ланкада 486, Таиландда 185 жана Малайзияда үч адамдын каза болгонун ырастады.

Индонезия менен Шри-Ланкадагы көптөгөн айылдар баткак жана урандылардын астында калды. Эки өлкөдө тең болжол менен 900 адам дайынсыз болууда. Таиланд менен Малайзиядагы куткаруу иштери улантылууда.

Сел сууларыаекырындык менен азайып, эң катуу жабыркаган аймактардагы аман калгандар урандылардын астында калышты.

Көчкүлөр жолдорду талкалап, конуштарга автоунаа менен баруу мүмкүн эмес. Бул жерлерге бир гана тик учактар менен барууга болот. Жер көчкүлөрдөн улам сигнал берүүчү мунаралар кулап, байланышты бир нече күнгө үзгүлтүккө учуратты.

Балчыкка көмүлгөн айылдар

Ачех провинциясынын эң катуу жабыркаган аймагы болгон Ачех Тамиангда бардык айылдар калың баткактын астында калды. 260 000ден ашык адам үйлөрүн жана айыл чарба жерлерин каптаган жер көчкүдөн улам башка жакка көчүрүлдү.

Тик учактар ​​таза сууга, санитарияга жана баш калкалоочу жайга муктаж болгон аймактарга азык-түлүк, дары-дармек жана жууркандарды таштап жатат.

Улуттук кырсыктарды башкаруу агенттигинин өкүлү Абдул Мухаринин айтымында, жүктөлгөн материалдар менен жүк ташуучу унаалар Медан аймагындагы жакында эле ачылган жолдордо акырындык менен жылып баратат, бирок урандылардын жеткирүүлөрдү жайлатып атканыгын айтты.

Ачех Тамиангдан келген сүрөттөрдө оодарылган унаалар, кулаган үйлөр жана урандылардын арасында өлкөн жаныбарлардын тарптары бар.

Аймактагы эки оорукана жана 15 коомдук саламаттыкты сактоо клиникасы азыр да кызмат кыла албай жатат. Суу аркылуу жугуучу оорулар көбөйүүдө жана медициналык топтор эл көп чогулган баш калкалоочу жайларда дары-дармектердин жана персоналдын жетишсиздигин айтышууда.

Адамдар чатырлардын астында

Үй - бүлөлөр Тамианг дарыясынын үстүндөгү талкаланган көпүрөдө убактылуу чатырлардын астына баш калкалап, балдар нымдуу кийимдердин ичинде суукка чыдоого аракет кылууда.

Аман калгандардын бири Вира бир нече күн бою тамак-ашсыз жана таза суусуз калганын айтып, көзүнө жаш алды.

«Эч нерсебиз калган жок. Биз таштанды бөтөлкөлөрдөн суу ичип, агым бизге алып келген калдыктарды чогулттук», - деди Вира.

Анга аттуу жергиликтүү тургундун айтымында, ал өзү жана дагы 13 киши төрт түн бою талкаланган тынеке чатырды кармап турушкан. "Сел айылыбызды жер менен жексен кылгандан сегиз күн өтсө дагы, бизге эч кандай жардам келген жок; тик учак да, куткаруу тобу да жок. Үйлөрүбүздү талкалаган сууну ичүүгө аргасыз болдук", - деди Анга.

Дагы бир тургун Ангга болсо, өзү менен кошо 13 башка адам төрт түн бою сынык тыныке чатырдын астында калышкандарын айтты. «Сел биздин айылды жок кылгандан бери сегиз күн өтсө да бизге жөнөтүлө турган жардам келген жок — тик учактар дагы, куткаруу топтору дагы келбеди. Биз үйлөрдү кыйратып жок кылган сууну ичүүгө аргасыз болдук”,- деди.

Миңдеген адам дайынсыз болуп, куткаруучулар аймактардын баарына жете элек. Бийликтер алдыдагы күндөрү каза болгондордун саны тездик менен көбөйүшү мүмкүн экендигин эскертүүдө.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди