Сергей Аксёнов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялап, Украина армиясы Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасаганын билдирди. Анын айтымында, көпүрөдөгү унаа кыймылы токтотулду.
Аксёнов Крымдын тургундарын көпүрөдөн өтүүдөн алыс болууга чакырды.
Россиянын Тергөө комитети окуя боюнча «террордук чабуул» беренесинин алкагында тергөө ишин баштаганын маалымдады.
Россиянын вице-премьер-министри Марат Хуснуллин Крым көпүрөсүнө жасалган чабуулдардан кийин өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөрдү. Анда көпүрөгө келтирилген зыянды калыбына келтирүү маселелери талкууланды.
Жыйында Крым көпүрөсүндөгү зыянды калыбына келтирүүгө байланыштуу маселелер каралды.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва шаарында журналисттерге берген билдирүүсүндө, Россиянын вице-премьер-министри Марат Хуснуллиндин президент Владимир Путинге көпүрөдөгү кырдаал тууралуу маалымат бергенин билдирди.
Кечээ Украинанын Крым көпүрөсүнө чабуул жасаганы жана анын кесепетинен көпүрөнүн жабыркаганы кабарланган.
Россия 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялаган Крым жарым аралын Россиянын аймагы менен байланыштырган, Керчь көпүрөсү деп да аталган бул көпүрө стратегиялык мааниге ээ.



















