САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Вице-президент Жевдет Йылмаз Кыргызстанга барат
Жевдет Йылмаз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан да кабыл алынат.
Вице-президент Жевдет Йылмаз Кыргызстанга барат
Cevdet Yılmaz / AA

Түркия президентинин орун басары Жевдет Йылмаз бүгүн расмий иш сапары менен Кыргызстанга барат.

Йылмаз программасынын биринчи күнүндө Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Үркүн эстелигине жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө зыярат кылат. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) 30 жылдык мааракелик концертине катышат жана Кыргызстандын борбору Бишкекте түрк бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Сапарынын экинчи күнүндө 18-сентябрда Йылмаз Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кеңешинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуп, Түркия-Кыргызстан Өкмөттөр аралык Биргелешкен экономикалык комиссиясынын 12-кезектеги жыйынына жана Биргелешкен экономикалык комиссиясынын протоколуна кол коюу аземине катышат.

Ушул эле күнү Түркия-Кыргызстан бизнес форумуна катыша турган Йылмаз, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине барат, Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин жыйынына жана ушул алкакта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өткөрүлө турган биргелешкен жыйынга катышат.

Иликте
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду