ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Грузияда Бешикташ күйөрмандарына карата полициянын кийлигишүүсү
«Бешикташ» менен «Хапоэль Беер-Шеванын» беттеши күйөрмандар арасындагы башаламандык жана полициянын кийлигишүүсүнөн улам 25-мүнөттө токтотулду.
Грузияда Бешикташ күйөрмандарына карата полициянын кийлигишүүсү
Грузияда «Бешикташ» күйөрмандарына полициянын кийлигишүүсү / Anadolu Agency (Wire)
 

УЕФА Европа лигасынын бешинчи турунда Түркиянын «Бешикташ» клубу Грузиянын Батуми шаарындагы «Динамо» стадионунда Израилдин «Хапоэль Беэр-Шева» командасы менен беттешти.

Оюндун 25-мүнөтүндө трибунада чыккан башаламандыктан улам Грузия полициясы күйөрмандарга күч колдонуп кийлигишти.

Маалыматка ылайык, беттешке чейин Палестинанын желегин көтөрүп чыккан күйөрмандарга каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, зомбулук аракеттерине барган.

Газдан жабыркаган айрым күйөрмандарга стадиондогу медициналык кызматкерлер жардам көрсөтүштү. Ошондой эле стадиондун үн күчөткүчтөрү аркылуу «Бешикташтын» күйөрмандарын тынчтыкты сактоого чакырган билдирүүлөр берилди.

Окуя учурунда «Бешикташтын» футболчулары трибуналардын алдына барып, күйөрмандар менен сүйлөшүп, аларды тынчтанууга чакырышты.

Чыңалуу улантылышы менен беттештин башкы калысы Мортен Крог оюнду токтотуп, жардамчылары менен бирге кийим алмаштыруучу бөлмөгө барды. Эки команданын футболчулары да калыстар тобунун артынан талаадан чыгып кетишти.

Абал турукташкандан кийин калыстар жана футболчулар кайрадан талаага кайтып келишти. Беш мүнөттүк даярдыктан кийин беттеш уланды.

Оюндун жыйынтыгында «Бешикташ» «Хапоэль Беэр-Шеваны» 2:1 эсебинде жеңди.

Түркия Грузиядагы жарандарынын абалын көзөмөлдөп жатат

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин булактары Бешикташтын УЕФА Европа лигасындагы беттешин көрүү үчүн Грузиянын Батуми шаарына барган түрк жарандарынын абалы тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын билдиришти.

Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Иликте
Түштүк Корея: "АКШ-Иран согушуна аралашуу жана аймакка аскер жөнөтүү ниетибиз жок"
Түркия Египетте танкердеги өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Акыркы 48 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан он сегиз палестиналык каза болду
Иракта ДЕАШ террордук уюмунун мүчөсү болгон сегиз француз жараны өмүр бою эркинен ажыратылды
Түркия-Ливия деңиз аймагы жөнүндө келишими Расмий гезитте жарыяланды
Алжирде эки унаа катышкан жол кырсыгынан 12 адам каза болду
БУУ: "Сомалиде гуманитардык жардам планынын болжолдуу түрдө 36 пайызы гана каржыланган"
ВТА «Манас» аэропортундагы тамак-аш жана суусундуктарды сатууну өз көзөмөлүнө алды
Достук дельфиндердин өмүрүн узартат
Пакистанда курулуп жаткан алты кабаттуу имараттын кулашынан үч адам каза болуп, 14 адам жаракат алды
Судан армиясы Түштүк Кордофанда бир дронду атып түшүргөнүн билдирди
Фенербахче Чемпиондор Лигасында Шахтер Донецкти 1:0 эсебинде жеңди
Испанияда суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты
Израиль Газада өлтүргөн палестиналык журналист Рори Пек сыйлыгы менен сыйланды
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды