ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Грек гезити Kathimerini Египет менен Түркиянын ортосундагы жакындашуу Афинада тынчсызданууну жаратып жатканын кабарлады.
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен египеттик кесиптеши Бадр Абделати
 

Kathimerini гезитинин "Каир-Анкара мамилесине тынчсыздануу - Афинанын позициясы" деген макаласында Египеттин Сауд Арабиясы, Пакистан, Түркия жана Египеттин ортосунда Каирде өткөн төрт тараптуу жолугушуу тууралуу Афинага маалымат бербегенин билдирди.

Греция Ливия маселесине көбүрөөк кызыкдар экени баса белгиленген макалада Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) башчысы Ибрахим Калындын кечээ Бенгазиге сапары эске салынып, Түркиянын акыркы убакта Ливиянын чыгышында активдүү иштеп жаткан Хафтар үй-бүлөсүнө жакындап баратканы кабарланды.

Ливия маселеси талкууланган Каирдеги төрт тараптуу жолугушуу тууралуу Афинага маалымат берилбегенден тышкары, акыркы 12 айда болгон бир катар окуялардан улам Афина менен Каирдин ортосундагы ишеним солгундап калганы да айтылды.

Башка жагынан алганда, Египеттин Түркия менен жакындашуусунда Израиль фактору да роль ойногон деген комментарий берилген кабарда, ушул күндөрү Коньяда Египет менен Түркиянын ортосунда өткөрүлүп жаткан аскердик машыгууларга да көңүл бурулду.

Кабарда: "Бирок аскердик машыгуулар Түркия менен Египеттин дипломатиялык мамилелеринин жакындашуусу сыяктуу тынчсыздандыруучу деп эсептелбейт", - деп айтылды.

21-июнда Египеттин борбору Каирде өткөн жолугушууда тышкы иштер министри Хакан Фидан Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделазиз, Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан жана Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушкан.

Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жыйынына катышуу үчүн барган Каирде AA кабарчысына берген маегинде тышкы иштер министри Фидан Каирде тыгыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрүн айтып, Түркия, Сауд Арабиясы, Египет жана АКШнын Ливия темасында маанилүү жолугушуу өткөргөнүн маалымдаган.

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
2025-жылы Газадагы өлүмдөрдүн саны 2022-жылдагыга караганда төрт эседен дагы көп
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү