ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
NASA Айга багытталган "Artemis III" миссиясынын экипажын жарыялады
"Artemis III" миссиясы NASAнын 2028-жылы Айдын Түштүк уюлуна экипажды кондурууну көздөгөн "Artemis IV" миссиясынын алдындагы акыркы сыноо кадамдарынын бири болот.
NASA Айга багытталган "Artemis III" миссиясынын экипажын жарыялады
НАСА «Артемида III» миссиясынын төрт астронавттан турган экипажын тааныштырды. / Reuters
 

NASA адамдар Айдын бетине кайтып келгенге чейинки акыркы орбиталык сыноо этабы болгон Artemis III миссиясынын төрт кишиден турган экипажын жарыялады.

"Бул миссия NASAнын эң татаал миссияларынын бири болот", - деди NASAнын учуу операциялары боюнча директору Норм Найт.

Найт, 2027-жылы Жердин орбитасында өтүүчү бир катар татаал сыноолорду камтыган маанилүү ролду аткаруу үчүн экипаждын берилгендигине ишенээрин баса белгиледи.

Ошол эле учурда NASAнын Artemis программасынын менеджери Джереми Парсонс миссияysy эки жумага созуларын жарыялады.

Парсонс Artemis IIIтүн акыркы сыноо миссиясы экенин жана эгер ийгиликтүү болсо, NASA 2028-жылы Artemis IV миссиясы учурунда Айдын Түштүк уюлуна экипаж кондурууну пландап жатканын билдирди.

Эл аралык экипаж

Миссиянын командири катары отставкадагы деңиз жөө аскерлеринин полковниги жана 7000 сааттан ашык учуу тажрыйбасы бар сыноочу-учкуч Рэнди Брезник (Randy Bresnik) дайындалды.

Буга чейин Эл аралык космос станциясын башкарган Брезник бул программа аларды "элүү жылдан ашык убакыттан бери башка бир асман телосуна конгон алгачкы адамдар" кыларын белгиледи.

Экипаждын курамында космосто эң узак убакыт болуу боюнча АКШ рекордуна жеткен, АКШ армиясынын дарыгери жана тик учак учкучу, миссиянын адиси Фрэнк Рубио (Frank Rubio) да бар.

Мындан сырткары, космоско алгачкы ирет уча турган Жээк коопсуздук кызматынын запастагы командири, миссиянын адиси Андре Дуглас жана учкуч Лука Пармитано команданын курамында орун алды.

Европа космос агенттигинин (ESA) атынан катышып жаткан Италиянын аба күчтөрүнүн полковниги Пармитано бул кызматташтыкты адамзаттын потенциалын жогорулатуу үчүн "көпүрөлөрдү куруу" катары мүнөздөдү.

Ал эми астронавт Боб Хайнс миссияда резервдик учкучтун милдетин аткарат.

NASAнын жетекчиси Жаред Айзекман астронавттар "SpaceX" жана "Blue Origin" компаниялары тарабынан иштелип чыккан конуучу аппараттар менен "Orion" космос кемесинин туташуусун камтыган жогорку тобокелдиктеги маневрлерди аткара турганын билдирди.

Исаакман эл аралык жана коммерциялык кемелердин ар түрдүүлүгүнүн өсүшүн "Жердин биринчи жылдыз флотунун башталышы" деп мүнөздөдү.

НАСА илимий жана экономикалык изилдөөлөр үчүн туруктуу база түзүүнү максат кылгандыктан, команда келечекте Айга жайгаштыруу үчүн операциялык жол-жоболорду иштеп чыгууга жардам берет.

Иликте
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады