Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Түркия менен Пакистандын энергетикалык кызматташтыгында жаңы этап башталганын билдирди.
Бейшемби күнү болгон тосуп алуу аземинде сөз сүйлөгөн Байрактар өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда Исламабадда кол коюлган энергетика тууралуу келишимдердин Түркия Мунай корпорациясы (TPAO) менен Пакистандын улуттук энергетикалык компаниялары OGDCL, PPL жана Mari Energies ортосундагы кызматташтыкка жол ачканын белгиледи.
Анын айтымында, эки өлкө деңизде үч жана кургактагы эки аймакта, жалпысынан беш тилкеде мунай жана жаратылыш газын чалгындоо иштерин жүргүзөт.
Байрактардын билдирүүсүнө караганда, «Оруч реис» кемеси 19 күндүк сапардан кийин Пакистанга барды. Кемеге Инд жана Макран бассейндеринин энергетикалык потенциалын изилдөө милдети жүктөлгөн.
«Оруч Реис» кемеси жана Түркиянын Мунай корпорациясы (TPAO) Инд-С блогунда болжол менен эки ай бою 670 чарчы чакырым аянтта үч өлчөмдүү сейсмикалык маалыматтарды чогултуу иштерин жүргүзөт.
Байрактар: «Чогултулган маалыматтардын негизинде келерки жылы аныкталган аймактарда бургулоо иштерин баштоону максат кылуудабыз», — деди.
Министр чалгындоо иштери эки өлкөнүн өнүгүшүнө жана энергетикалык камсыздоонун коопсуздугун бекемдөөгө салым кошо аларын белгиледи.
Түркия энергетикалык чалгындоодогу тажрыйбасын бөлүшөт
Байрактар Түркия мунай жана жаратылыш газын чалгындоо тармагында өлкө ичинде жетишкен ийгиликтерин Пакистанда да кайталоону көздөп жатканын билдирди.
Түркиянын 2020-жылы Кара деңизден чоң жаратылыш газ кенин тапканын эске салып, бул ачылыш ошол жылы дүйнөдөгү деңизде табылган эң чоң газ запасы болгонун белгиледи.
Ошондой эле Түркия учурда аталган кендерден күнүнө болжол менен 10 миллион куб метр жаратылыш газын өндүрүп жатканын жана бул көлөм төрт миллионго жакын үй-бүлөнүн керектөөсүн камсыз кыларын айтты.













