ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
Хакан Фидан Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын келечегин Түштүк Кипрдин барымтасында калтыруу туура стратегия эмес экенин билдирди.
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
Тышкы иштер министри Фидан Европа комиссиясынын төрагасынын орун басары Фитто менен жолукту / Anadolu Agency (Wire)
 

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин булактарынын маалыматына караганда, министр Хакан Фидан Европа комиссиясынын төрага орун басары Раффаэле Фитто менен жолугушту.

Жолугушууда Фидан Фиттонун Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо багытындагы аракеттерин жана конструктивдүү ролуна жогору баа берип, Анкаранын Европа Биримдиги менен карым-катнаштарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Министр Фидан Түркия менен Европа Биримдиги өз ара кызыкчылыктардын негизинде маанилүү кадамдарды жасай аларын айтып, эки тараптуу карым-катнаштардын келечегин Түштүк Кипрдин грек администрациясынын барымтасында калтыруу туура стратегия эмес экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары Фидан Бажы биримдигин жаңылоо Түркия менен Европа Биримдигинин орток экономикалык кызыкчылыктарына жооп берерин жана бул маселени Кипр көйгөйү менен байланыштырбоо керектигин айтты.

Булак: Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

Иликте
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"