ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
«Азербайжан менен Түркиянын достук жана боордоштук карым-катнаштары бүгүн да мурдагыдай бекем. Мындан ары дагы бул байланыштар улам чыңдала берет».
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов / Anadolu Agency (Wire)

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы достук жана боордоштук карым-катнаштардын мурдагыдай эле бекем экенин жана мындан ары дагы чыңдала берерин белгилеп: «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын 8-ноябрда Азербайжанда өткөн Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларга катышып, президент Илхам Алиев менен бирге эки өлкөгө жана бүткүл дүйнөгө жолдогон билдирүүлөрү мунун так дилили», — деди.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов өлкөсүнүн Түркия менен карым-катнаштарына токтолуп, эки мамлекеттин ортосундагы байланыштар өзгөчө жакын жана бекем экенин билдирди.

Байрамов бул тууралуу Азербайжанга иш сапары менен барган Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Азербайжан менен Түркиянын карым-катнаштары эки дос жана бир тууган элдин ортосундагы мамиле экенин тастыктай алам. Эки мамлекеттин ортосундагы байланыштар эң жогорку деңгээлде жана өзгөчө жакын», — деди.

Байрамов Түркия менен Азербайжан Шуша декларациясы аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды союздаштык деңгээлге көтөргөнүн эске салды.

Байрамов:«Ошол эле учурда ар бир мамлекетте өзүнө мүнөздүү процесстер жүрөт. Ар бир коомдун өзү тандаган өнүгүү жолу бар. Атүгүл мындай жакын жана боордоштук карым-катнаштарда да бир өлкөнүн коомчулугунда башка мамлекетте болуп жаткан окуяларга карата ар кандай пикирлер айтылышы мүмкүн», — деди.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди