Түркиянын алгачкы учкучсуз согуштук учагы KIZILELMA аскердик кызматка кирди. Алгачкы үч учактын коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлүп берилиши эл аралык басма сөздө кеңири чагылдырылды.
Айрыкча Американын коргонуу тармагындагы маалымат каражаттары KIZILELMAга өзгөчө көңүл бурушту.
Aviation Week басылмасы бул окуяны «Түрк армиясы Baykar компаниясынын KIZILELMA учагын кабыл алды» деген аталышта жарыялады.
Макалада ошондой Baykar компаниясынын дүйнөлүк авиация тарыхында алгачкы жолу ишке ашырылганы тууралуу билдирүүсүнө да орун берилген.
АКШда чыккан Al-Monitor гезити KIZILELMAнын аскердик кызматка киришин жана Түркиянын аба күчтөрүнө алып келе турган жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
«Салттуу авиацияга чакырык»
KIZILELMAнын аскердик кызматка кириши Грециянын басма сөзүндө да кызуу талкууга алынды.
Коргонуу тармагына адистешкен OnAlert басылмасы KIZILELMA 600 сыноо жана машыгуу учуусун аткарганын жазды.
Ал эми PTHISH журналы KIZILELMAнын абадан абага каршы күрөшүү жана учкуч башкарган согуштук учактар менен биргелешкен операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.
Россиянын EADaily маалымат агенттиги бул жаңылыкты «Салттуу авиацияга чакырык» деген темада жарыялады.
Материалда алгачкы үч KIZILELMA учагынын өткөрүлүп берилиши жана учкучсуз учактын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү чагылдырылды.














