Түркия COP31 конференциясынын төрагасы катары Газанын гуманитардык жана инфраструктуралык муктаждыктарын климаттык чечимдер аркылуу камсыздоо максатында D-8 уюмуна мүчө өлкөлөр менен биргелешкен демилге көтөрүүнү сунуштады.
Түркиянын түштүгүндөгү Анталья шаарында өткөн D-8 уюмунун климаттык аракеттер боюнча жогорку деңгээлдеги министрлер жыйынында сөз сүйлөгөн COP31 төрагасы, Түркиянын экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум шейшемби күнү Палестинанын Газа аймагына конкреттүү жардам көрсөтүү максатында «COP31 Анталья–Газа климаттык коридорун» түзүүнү сунуштады.
Курум катаал кышкы шарттар Газадагы согуштун жана кыйроолордун кесепеттерин абдан күчөтүп жатканын жана акыркы жаан-чачындар миңдеген үй-бүлөгө терс таасирин тийгизип, 40 миңден ашуун үй-бүлөгө таандык баш калкалоочу жайлардын бузулушуна алып келгенин айтты.
Жаан суусунун агынды суулар менен аралашуусу коомдук саламаттыкка коркунуч келтирерин белгилеген Курум саламаттыкты сактоо мекемелерине, суу системаларына жана билим берүү инфраструктурасынын катуу кысым астында экенин белгиледи.
Сунушталып жаткан демилгенин алкагында D-8 уюмуна мүчө өлкөлөр күн энергиясы менен иштеген көчмө суу тазалоочу системаларды, медициналык борборлор жана суу инфраструктурасы үчүн автономдуу энергия жабдууларын, көчмө дренаждык техникаларды, таштанды чогултуучу унааларды жана кышкы шарттарга ылайыкташтырылган турак жай модулдарын камсыздай алышат.
Курум өзгөчө балдардын билим алуусундагы мындан аркы үзгүлтүктөрдү алдын алуу үчүн колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Курум гуманитардык жардам жүктөрүнүн, жабдуулардын жана запастык бөлүктөрдүн үзгүлтүксүз жеткирилишинин маанисин белгиледи. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму кышкы мезгилге керектүү каражаттардын жеткирилишин тездетүүгө жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө чакырганын эске салды.
D-8 климаттык кызматташтыгын күчөтүү
Курум климат тармагындагы кеңири эл аралык кызматташтыкка да токтолуп, COP31 саммитинин төрагалыгы эл аралык милдеттенмелерди инвестицияларга, конкреттүү долбоорлорго жана адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган практикалык натыйжаларга айландырууну көздөп жатканын айтты.
Курум 2035-жылга чейин дүйнөлүк акыркы энергия керектөөдөгү электр энергиясынын үлүшүн 35 пайызга жеткирүүнү көздөгөн «2035-жылга чейин глобалдык электрлештирүү боюнча 35 пайыздык милдеттенмеге» көңүл бурду. Анын айтымында, бул демилге өлкөлөргө жаңы милдеттүү улуттук талаптарды жүктөбөйт.
Курум ошондой эле дүйнө жүзүндө кайра иштетилүүчү материалдарды пайдалануунун үлүшүн кеминде 15 пайызга жеткирүү жана 2035-жылга чейин муниципалдык таштандылардын жылдык көлөмүнүн болжолдонгон өсүшүн кеминде 50 пайызга кыскартуу максатын көздөгөн демилгелер тууралуу маалымат берди.


















