ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестинада зомбулуктун күн сайын уланып жатканын белгилеп, мусулмандарды Израилге карата кысымды күчөтүүгө чакырды.
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Президент Режеп Таййип Эрдоган / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарын жана гуманитардык жардам жеткирүүгө киргизген чектөөлөрүн сынга алып, аймактагы кырдаалды айыптады.

Шаршемби күнү Анкарада Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) парламенттик тобунун жыйынында сөз сүйлөгөн Эрдоган Газадагы кыргындар, киши өлтүрүүлөр, басмырлоо, обочолонтуу жана ачарчылык дүйнө коомчулугунун көз алдында күн сайын уланып жатканын белгилеген Эрдоган: «Израиль администрациясы дүйнөдөгү эң чоң концлагерге айландырган Газада кыргындар, киши өлтүрүүлөр, басмырлоо, обочолонтуу, ачарчылык жана зомбулуктун башка түрлөрү дээрлик күн сайын бүткүл дүйнөнүн көз алдында уланууда»,- деди.

Эрдоган ошондой эле Израилдин Газага карата жүргүзүп жаткан аскердик аракеттерин жана гуманитардык жардамдын жеткирилишине тоскоолдук жаратып жатканын сынга алды.

Кыш мезгилинин жакындап келатканына байланыштуу Газада ири гуманитардык кырсык болушу мүмкүн экенин эскерткен президент Израилдин чектөөлөрү аймактагы кризисти ого бетер курчутуп жатканын белгиледи.

Палестиналык балдардын оор абалына токтолгон Эрдоган көптөгөн үй-бүлөлөрдүн сууктан коргонууга ылайыктуу баш калкалоочу жайы жок экенин айтты. Анын белгилешинче, Газадагы тургундар суукка жана баткакка карабай, оор шарттарда жан сактоо үчүн күрөшүп жатышат.

"Мусулмандар катары биз Израилге көбүрөөк кысым көрсөтүлүшүн камсыз кылышыбыз керек".

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган өздөрүн демократиянын жана адам укуктарынын коргоочулары катары көрсөткөн өлкөлөрдүн эки жүздүүлүгү ачыкка чыкканын билдирди.

Шаршемби күнү Анкарада Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) парламенттик фракциялык жыйынында сөз сүйлөгөн Эрдоган ислам дүйнөсүн Газадагы кырдаалга карата дагы көп жоопкерчилик алууга чакырды.

Эрдоган: «Башкаларга таянгандын ордуна, биз мусулмандар катары чара көрүп, Израилге дагы көп кысым көрсөтүлүшүн камсыз кылышыбыз керек», — деди.

Президент кышкы шарттар оорлой электе Газага гуманитардык жардам жеткирүү аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгилеп, Түркиянын палестиналыктарга жардам көрсөтүүнү улантарын айтты.

«Биз Газадагы бир туугандарыбызга контейнерлерди жөнөтүүгө даярбыз. Гуманитардык жардам боюнча да зарыл кадамдарды таштап жатабыз», — деди Эрдоган.

Ал сөзүнүн соңунда эл аралык коомчулук Газадагы окуяларга көз жумса да, Түркия палестиналыктарды колдоосун токтотпой турганын баса белгилеген президент: «Башкалар көзүн жана кулагын жумса да, биз Газадагы кысымга каршы унчукпай кала албайбыз», — деп кошумчалады.

Керек болсо Түркия жалгыз калса да, өзүнүн гуманитардык жоопкерчиликтерин аткарууну уланта берерин баса белгиледи.

Иликте
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган: «Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз»
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлүшүнүн 43 жылдыгы менен куттуктады
Израиль Газанын түштүгүндө ХАМАСтын жогорку даражалуу командирин өлтүрдү
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"