ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Вьетнамда ресторандагы жарылуудан алты адам каза болуп, 14 адам жаракат алды
Каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсызданып жатышат.
Вьетнамда ресторандагы жарылуудан алты адам каза болуп, 14 адам жаракат алды
Вьетнамдагы ресторанда жарылуу: 6 адам каза болду / AP (Wire)
 

Вьетнамдын борбору Ханойдогу бир ресторанда өнөр жай газ баллонунун жарылуусунан кийин имараттын кулашынан алты адам каза таап, 14 адам жаракат алды.

Vietnam News гезитинин маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00 чамасында Ханойдун эл көп жашаган Ван Туйет көчөсүндөгү имаратта жайгашкан ресторанда катуу жарылуу болду.

Коомдук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери баштапкы тыянактарга ылайык, окуя ресторандын ашканасында өнөр жай газ баллонунун жарылуусунан улам болгонун айтышты.

Кызматкерлер имарат жарылуунун күчүнөн кулаганын жана алты адам каза болуп, 14 адам жаракат алганын билдиришти.

Жарылуудан улам айланадагы имараттардын терезелери сынып, дубалдары жарака кеткени, ошондой эле айрым имараттардын чатырлары кулаганы маалымдалды.

Кызматкерлер аймакта издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын жана каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар экенин айтышты.

Вьетнамдын премьер-министри Ле Мин Хунг жана вице-премьер-министр Фам Джиа Тук биргелешкен билдирүүсүндө, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жетекчилерди издөө-куткаруу иштерин үзгүлтүксүз улантууга чакырды.

Эки жума мурун да Вьетнамдын түштүгүндөгү Хошимин шаарында өнөр жай газ баллонунун жарылуусунун натыйжасында имараттын кулашынан эки адам каза болуп, он эки адам жаракат алган.

Иликте
Иран: "АКШнын деңиз блокадасын аскердик жол менен буза турчу кадамдарды жасайбыз"
Данияда мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынууда
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Газа тилкесине Израилдин кол салууларынан дагы эки палестиналык каза болду
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
БУУнун Ливияны Колдоо миссиясы Бенгазы портуна карата чабуулдарга терең тынчсыздуусун билдирди
Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын мектептеринин жабылышына нааразылык
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»