Россиянын абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде Москвага багыт алган жүздөгөн учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылганын билдирди.
Москванын мэри Сергей Собянин Max платформасындагы билдирүүсүндө жума күнү кечинде жана ишемби күнү эртең мененге чейин борбор шаарга 460тан ашык дрон жакындаганын маалымдады. Анын айтымында, абадан коргонуу күчтөрү дрондордун көбүн Москвадан алыс жерде, ал эми 123үн борборго жакындап калганда атып түшүргөн.
Россия менен Украина согуш бешинчи жылына кирип жатканда акыркы айларда дрон жана башка чабуулдарын күчөтүштү.
Эскертүүлөр жана жооп кайтаруулар
Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнкү билдирүүсүндө Россиянын Украинага чоң масштабдуу чабуул жасоого даярданып жатканы тууралуу бир жуманын ичинде экинчи жолу эскертүү жасады.
Зеленский түнү жарыялаган видео билдирүүсүндө: “Тилекке каршы орустардын жаңы жана массалык кол салууга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар бар”,- деп билдирди. Ал Украинанын Тышкы иштер министрлигинен союздаштар менен дагы көп абадан коргонуу системаларын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканы тууралуу отчет күтүп жатканын кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү берген маалыматында өткөн аптада Кытайда Путин менен болгон жолугушуусунда Путинден Европага карата “бардык аскердик агрессияны токтотууну” суранганын билдирди.
Путинди досум деген Трамп бул талаптын согушту токтото турган келишимдин түзүлүшүнө жардамчы болоруна ишенгенин айтты.
АКШнын атайын өкүлү Жаред Кушнер да кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө керектигин эскертип, учурдагы абалды: «Европа Россияга каршы Украинаны каржылап жана куралдандырып жаткан прокси-согуш»,- деп мүнөздөдү.
Булак: Россиянын Коргоону министрлиги, Москванын мэри Сергей Собянин, Запорожье облустук аскердик администрациясы, Украинанын президенти Владимир Зеленский, АКШ президенти Дональд Трамп.















