ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Газадагы 1 миллион палестиналыкты көчүрүүгө багытталган чабуул менен коркутту
Израиль 365 чарчы чакырымдык Газа тилкесинин аймагынын болжол менен 70 пайызын көзөмөлдөп турат.
Израиль Газадагы 1 миллион палестиналыкты көчүрүүгө багытталган чабуул менен коркутту
(АРХИВ) Израилдин коргоо министринен Газадагы 1 миллион палестиналыкты жер которууга мажбурлай турган жаңы чабуул коркунучу / АА
 

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа тилкесиндеги 1 миллион палестиналыкты күч менен көчүрүүгө алып келиши мүмкүн болгон жаңы чабуулдарды баштоо менен коркутту.

Кац X социалдык тармагындагы баракчасына Газа тилкесинин 70 пайызы кыйратылганын жана учурда Филадельфия коридорун кошкондо, аймактын басымдуу бөлүгү аткезчиликке жана кайрадан куралданууга жол бербөө максатында Израиль армиясынын көзөмөлүндө экенин жазды.

Ал Израиль көзөмөлдөбөгөн Газа тилкесинин калган 30 пайызын ХАМАС көзөмөлдөйт деген түшүнүктү «жөн гана иллюзия» деп атап, кыймыл куралдарын таштабаса, Израиль армиясы күч колдонуп чабуул жасай турганын билдирди.

Кацтын айтымында, Израиль армиясы Газанын түштүгүндө жашаган 1 миллион палестиналыкты күч менен көчүрүү менен жаңы аскердик операцияларды баштоону максат кылууда.

Израилдин максаты — палестиналыктарды Газа тилкесинен биротоло кууп чыгуу

Кац Газа тилкесиндеги палестиналыктарды аймактан толугу менен чыгаруу планы тууралуу айтып, эмиграцияны каалагандар үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн билдирди.

«Эмиграцияны каалагандар үчүн зарыл болгон чаралар көрүлөт. Тиешелүү уюштуруу инфраструктурасы буга чейин эле түзүлгөн», — деди министр.

Бирок ал «уюштуруу инфраструктурасы» дегенде эмнени көздөгөнүн тактаган жок.

Ошондой эле Кац Газада ХАМАСтын көптөгөн мүчөлөрүн жок кылганын айтып, кыймылдын чет өлкөдөгү саясий бюросунун башчысы Халил аль-Хайяны да өлтүрүү менен коркутту.

Израиль АКШ президенти Дональд Трамптын планынын алкагында 2025-жылдын 10-октябрында күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишиминдеги милдеттенмелерин аткарбай, гуманитардык жардам жеткирүүгө чектөөлөрдү жана чабуулдарды улантууда.

Келишимге карабастан, Израиль Газа тилкесиндеги көзөмөлдөгөн аймагын кеңейтип, жалпы аянты 365 чарчы чакырымды түзгөн тилкенин болжол менен 70 пайызын көзөмөлгө алган.

Израиль армиясы көзөмөлүндөгү аймактардагы имараттарды жана курулуштарды талкалап жаткан учурда палестиналыктар Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү болжол менен 110 чарчы чакырым аянтта жашоону улантууда.

Иликте
Фенербахче Чемпиондор Лигасында Шахтер Донецкти 1:0 эсебинде жеңди
Испанияда суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты
Израиль Газада өлтүргөн палестиналык журналист Рори Пек сыйлыгы менен сыйланды
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды
Египетте күйүүчү май танкериндеги өрттөн 31 адам каза болду
Россия: "Украинага чет элдик аскерлердин жайгаштырылышына жол берилбейт"
Германиянын канцлери Мерц: "Орусия Украинадан алда канча көптү талап кылып жатат"
Президент Эрдоган көркөм өнөр лицейинин окуучулары менен жолугушту
Иран Перс булуңунун үстүндө АКШнын MQ-9 жана Лукас дрондорун атып түшүргөнүн жарыялады
Паландөкен экономикалык форуму Эрзурумда өтөт
Нигерде Боко Харамдын кол салуусунан 11 аскер каза болду
Түрк делегациясы Анкарада Хафтар жана анын делегациясы менен жолугушту
Германияда солчул депутаттар Берлинде Моссаддын мурдагы башчысына каршы чыгышты
Пхеньян балдар лагерине каршы санкциялар боюнча Швейцариянын элчисин өлкөдөн чыгарды
2030-жылга чейин дагы 18 шаар жогорку ылдамдыктагы темир жол менен туташтырылат