Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак Түркия менен узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбалары бар экенин, өнөктөштүктү өз ара урматтоо жана ишенимдин негизинде өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.
Орус өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, Александр Новак Түркиядагы жолугушуулары учурунда вице-президент Жевдет Йылмаз жана энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен жолугушту.
Билдирүүдө Новак эки өлкөнүн ондогон жылдарга созулган долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар экенин белгилеп, "Мындай демилгелерди биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүбүз мамилелерибизге туруктуулук алып келет. Орусия бул өнөктөштүктү өз ара урматтоо жана ишенимдин негизинде өнүктүрүүнү улантууга даяр" деди.
Орусия менен Түркиянын ортосунда интенсивдүү жана конструктивдүү диалог жүрүп жатканын айткан Новак, Түркия-Орусиянын биргелешкен экономикалык комиссиясынын 20-сессиясында эки тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги бардык маселелерди комплекстүү баалоону пландап жатышканын баса белгиледи.
Жолугушуулардын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташуу темалары талкууланды.
Түркияга жумушчу сапар менен келген Новак Кожаелидеги Гебзе химиялык адистештирилген өнөр жай аймагында курулган TN Maleik мунай химиялык заводунун ачылышына да катышты.














