Польшанын Улуттук коргоо министринин орун басары Магдалена Собковяк-Чарнечка Түркия менен коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Анкарага келген Собковяк-Чарнечка X социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жарыялап, Польша менен Түркиянын коргонуу тармагындагы кызматташтыгы министрлиr үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.
Эки өлкөнүн аскерлери НАТОнун алкагында бири-биринин коопсуздугун колдой турганын белгилеп, Собковяк-Чарнечка поляк жана түрк инженерлеринин кызматташуунун кийинки этабын биргелешип калыптандырышын кааларын билдирди.
Собковяк-Чарнечка Түркиянын аскердик модернизациясын экономикалык өнүгүү стратегиясы менен бирге жүргүзүп жатканын белгилеп, бул ыкма ата мекендик өнөр жайды, илимди, жумуш менен камсыз кылууну жана экспортту да колдой турганын кошумчалады.
Ошондой эле Польшанын Улуттук коргоо министринин орун басары өлкөсү коргонуу тармагындагы иштеринде Түркиянын тажрыйбасы менен технологиялык чечимдеринен пайдаланууга кызыкдар экенин кошумчалады.















