ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия Грециядагы түрк мектебине кол салууну айыптады
Түркия Грециядагы түрк азчылыгынын коопсуздугун камсыз кылуу жана кол салгандарды тез арада аныктоо үчүн шашылыш чара көрүүгө чакырды.
Түркия Грециядагы түрк мектебине кол салууну айыптады
Азчылык мектептери Батыш Фракияда Лозанна келишими боюнча корголот. [Архивдик сүрөт] / AA

Түркия Грециянын Батыш Фракия аймагындагы Родопидеги Каражаоглан айылындагы түрк азчылыгына таандык башталгыч мектепке белгисиз адамдардын кол салуусун айыптады.

Жума күнү Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели X социалдык медиа платформасында: "Биз Грециянын Батыш Фракия аймагында Каражаоглан айылындагы жана 2021-2022 окуу жылында грек бийлиги тарабынан жабылган Батыш Фракия түрк азчылыгына таандык башталгыч мектепке белгисиз адамдардын кол салуусун айыптайбыз",- билдирди.

Каражаоглан айылындагы кол салуу жергиликтүү тургундардын 4-январда келтирилген зыянды байкоосу менен ортого чыкты. Андан кийин полиция иликтөө баштады.

Кечели кол салууга ким жооптуу болсо да, окуянын ачыкка чыгарылышын, күнөөкөрлөрдүн тез арада аныкталышын жана керектүү чаралардын көрүлүшүн грек бийлигинен күтөрүн баса белгилеп, "Каражаогланда жашаган мекендештерибиздин кайгысын тең бөлүшөбүз; Түркия катары Батыш Фракия түрк азчылыгынын Лозанна тынчтык келишими менен кепилденген укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону улантабыз",- деп билдирди.

Батыш Фракия түрк азчылыктарынын консультативдик кеңеши да кол салууну айыптап, ушул сыяктуу окуянын мурда да болгонун эске салды.

Иликте
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Орусиянын Рязань облусундагы өнөр жай объектилерине дрондук кол салуудан бир адам жаракат алды
Министр Чифтчи: Италия менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөнү максаттоодобуз
Фенербахче англиялык Ливерпульду "жеңди"
АКШ өзүнүн инвентаризациясынан эки тыңчы учагынын бирин Жакынкы Чыгышка жөнөттү
Хаменеи: АКШдагы шайлоо Ирандын саясатын өзгөртпөйт