Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Палестина мамлекетинин түзүлгөндүгүнүн 38 жылдыгына карата социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.
Президент билдирүүсүндө Палестина элин куттуктап, Түркия Палестина маселесин эл аралык аянтчаларда мындан ары да чечкиндүү коргой турганын белгиледи.
«Дос жана бир тууган Палестина мамлекетин 38 жылдыгы менен куттуктайм. Баскынчыларга жана зулумдукка каршы күрөшүн улантып жаткан баатыр Палестина элине саламымды жана жылуу тилектеримди жолдойм.Түркия катары Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү коргоону улантабыз. 1967-жылдагы чек аралардын негизинде, борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү жана аймактык бүтүндүгү камсыздалган Палестина мамлекетин түзүү үчүн күрөшүбүздү улантабыз.
Палестина элинин эркин жана бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен алардын жанында болобуз», — деп жазды Эрдоган.






















