ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Мекке келишими ишке кирди
Түркия Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Сауд Арабиясы Королдугунун ортосундагы өз ара коргонуу боюнча Мекке келишимин бекитүүчү мыйзам Расмий гезитте жарыяланды.
Мекке келишими ишке кирди
Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан 7-августта Меккеде биргелешкен коргонуу келишимине кол коюшкан. / TRT News / TRT Haber

Расмий гезитте жарыяланган мыйзамда 7-августта Меккеде кол коюлган "Түркия Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Сауд Арабиясы Королдугунун ортосундагы биргелешкен коргонуу боюнча Мекке келишими" ратификациялоого ылайыктуу деп табылганы билдирилди.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирип, анын жоболорунун аткарылышын президент камсыздайт.

Коргонуу өнөр жайында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат

Келишим үч өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле коргонуу өнөр жайында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.

Анын алкагында тараптардын коргонуу өнөр жай уюмдарынын ортосунда технология алмашуу, жаңы технологияларды биргелешип иштеп чыгуу жана аскердик продукцияларды биргелешип өндүрүү колдоого алынат.

Мындан тышкары, адистештирилген технологиялар боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук долбоорлорду ишке ашыруу, коргонуу тармагындагы инновацияларды өнүктүрүү жана аскердик өнөр жай үчүн адистерди даярдоо каралган. Тараптар изилдөө, иштеп чыгуу жана инновация тармагындагы тажрыйбалары менен да бөлүшөт.

Аскердик кадрларды даярдоо жана биргелешкен машыгуулар

Келишимде аскердик кызматташтыкты чыңдоого да өзгөчө көңүл бурулган. Бул багытта коргонуу мекемелеринин ортосунда кадрларды алмашуу, биргелешкен окуу программаларын өткөрүү жана аскердик машыгууларды уюштуруу каралган.

Аталган иш-чаралар үч өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Мекке келишиминде терроризмге каршы күрөшүү жана чалгындоо маалыматтарын алмашуу каралган

Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосундагы биргелешкен коргонуу боюнча Мекке келишиминде терроризмге каршы күрөшүү, чалгындоо маалыматтарын алмашуу жана өз ара логистикалык колдоо көрсөтүү маселелери камтылган.

Келишимге ылайык, үч өлкө аймактык жана эл аралык туруктуулукка, коопсуздукка коркунуч жараткан терроризмдин бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө кызматташтыгын күчөтөт. Бул багыттагы биргелешкен аракеттерди ыкчам деңгээлде өнүктүрүү каралган.

Ошондой эле тараптар эл аралык коопсуздук маселелери боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүп, өздөрүнүн маанилүү кызыкчылыктарын жана улуттук коопсуздугун коргоо максатында биргелешкен баа берүүлөрдүн негизинде тиешелүү чараларды иштеп чыгышат.

Чалгындоо тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн үч өлкө маалымат коопсуздугу жана купуялуулук талаптарын сактоо менен өз ара макулдашылган коопсуз каналдар аркылуу чалгындоо маалыматтарын алмашат.

Мындан тышкары, келишимде тынчтык мезгилинде, согуш учурунда жана башка өзгөчө кырдаалдарда тараптардын бири-бирине логистикалык колдоо көрсөтүүсү каралган. Анын алкагында курал-жарак, ок-дары, күйүүчү май, запастык бөлүктөр жана башка керектүү жабдуулар менен камсыздоо маселелери камтылган.

Стратегиялык саясий жана коргонуу комитети түзүлөт

Келишимдин аткарылышын координациялоо жана үч өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук кызматташтыгына стратегиялык багыт берүү үчүн Стратегиялык саясий жана коргонуу комитети түзүлөт.

Анын курамына тышкы иштер министрлери, коргоо министрлери жана куралдуу күчтөрдүн башкы штабдарынын жетекчилери кирет. Комитет жылына эки жолу жыйын өткөрөт. Зарыл болгон учурда тараптардын лидерлеринин чечими менен жолугушуулардын жыштыгы жылына бир жолуга чейин өзгөртүлүшү мүмкүн.

Комитет келишимди ишке ашыруу учурунда жаралган маселелерди чечүү менен алектенип, зарылчылыкка жараша атайын кичи комитеттерди түзө алат.

Комитеттин ишин камсыз кылуу үчүн Сауд Арабиясында катчылык түзүлөт. Аны тараптардын арасынан ротациялык негизде үч жылдык мөөнөткө дайындалган башкы катчы жетектейт. Алгачкы башкы катчы Пакистандын жараны болот.

Ошондой эле келишимге башка мамлекеттердин кошулуу тартиби жана шарттары тараптардын өз ара макулдашуусу менен аныкталат.

Келишим чексиз мөөнөткө түзүлгөн

Документке ылайык, келишим тараптар улуттук мыйзамдарына ылайык ратификациялоо жол-жоболорун аяктагандан кийин күчүнө кирет. Ал акыркы ратификациялоо документи комитеттин катчылыгына тапшырылган күндөн тартып иштей баштайт.

Келишимдин колдонуу мөөнөтү чектелген эмес. Ошол эле учурда тараптардын ар бири ал күчүнө кирген күндөн тартып 10 жыл өткөндөн кийин андан чыгуу укугуна ээ. Бул үчүн башка тараптарга дипломатиялык каналдар аркылуу кеминде үч ай мурда жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлүшү керек.

Келишимдин токтотулушу же тараптардын биринин андан чыгышы буга чейин макулдашылган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорго таасирин тийгизбейт. Ал эми жашыруун маалыматтарды жана документтерди коргоо боюнча милдеттенмелер келишим токтотулгандан кийин да күчүндө калат.

Мындан тышкары, документ Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын аймактык жана эл аралык уюмдардагы кызматташтыгын кеңейтүүнү, эл аралык маселелер боюнча позицияларын координациялоону жана коргонуу тармагындагы учурдагы кызматташтык механизмдерин өркүндөтүүнү көздөйт.

Иликте
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү