НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Европадагы ири армиялардын бирине жана өнүккөн коргонуу өнөр жай инфраструктурасына ээ Түркиянын альянстын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирди. Ошондой эле Түркияны НАТОнун калган 31 мүчөсү маанилүү өнөктөш катары карай турганын билдирди.
Марк Рютте бул тууралуу Ирландиянын борбору Дублин шаарында өткөн Европа саясий коомчулугунун (EPC) саммитинин алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана чыңалуу шартында Түркиянын НАТОдогу ролу тууралуу суроого жооп берген Рютте Түркиянын Альянстын алгачкы мүчөлөрүнүн бири болгонун белгиледи.
Анын айтымында, Түркия Европадагы эң ири армиялардын бирине жана коргонуу өнөр жайынын эң ири инфраструктураларынын бирине ээ.
«Түркия НАТОнун негизги өнөктөштөрүнүн бири экени талашсыз. Ал альянстын түзүлгөн алгачкы мезгилинен бери эле анын курамында. Түркия Европадагы эң ири армиялардын бирине жана коргонуу өнөр жайынын эң ири инфраструктураларынын бирине ээ. Демек, Түркия бардык жагынан негизги өнөктөш жана альянстын калган 31 мүчөсү тарабынан чоң урмат-сыйга ээ», — деди Рютте.
Рютте НАТОнун Украинага берилиши мүмкүн болгон коопсуздук кепилдиктериндеги ролу тууралуу суроо боюнча Европа өлкөлөрү менен АКШнын январь айында Парижде өткөн жолугушууда бул кепилдиктерди ишке ашыруу жолдору боюнча бирдиктүү пикирге келишкенин эске салды.
Түркия жана Европанын башка негизги өлкөлөрү аталган макулдашууларды ишке ашырууга катышуусу күтүлүп жатканын айткан Рютте: «Бул боюнча иштер негизинен аяктап, механизмдер даяр. Бирок азыр бизге тынчтык келишими же жок дегенде ок атышууну токтотуу зарыл. Бардыгы дал ушул максатка жетүү үчүн аракет кылып жатышат», — деп кошумчалады.






















