Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, 13-ноябрда Британиянын Саффолк аймагындагы Лейкенхит авиабазасынын жакындарында алты дрон учкан.
АКШ күчтөрү аларды кармоо үчүн атайын системаларды колдонгон, бирок дрондор кийин табылган эмес.
Булактардын айтымында, окуяга Ирандын тиешеси болушу мүмкүн деген шектенүү бар. Бирок дрондордун жоголушу алардын курал-жарак же чалгындоо жабдууларын алып жүргөнбү же жокпу деген суроолорду жаратты.
Окуядан кийин авиабазадагы америкалык кызматкерлерге коопсуз жайларда баш калкалоо буйругу берилген.
Лейкенхит авиабазасында болжол менен 7 миң кызматкер иштейт жана ал АКШнын Европадагы ири аскердик аба базаларынын бири болуп саналат.
Булак: Financial Times















