САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Россия АКШ жана Украина менен үч тараптуу саммиттин өткөрүлүшүн күтпөйт
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио БУУнун Башкы ассамблеясында жолуга турганын, бирок Киевдин Москванын сунушуна жооп бере электигин айтты.
Россия АКШ жана Украина менен үч тараптуу саммиттин өткөрүлүшүн күтпөйт
/ Reuters

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Россиянын АКШ жана Украина менен үч тараптуу саммит өткөрүүнү күтпөгөнүн, бирок Москва менен Вашингтондун быйыл эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн экенин билдирди.

Рябков Россиянын расмий маалымат агенттиги ТАССка берген маегинде тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында жолугуша аларын айтты.

«Жолугушууну уюштуруу процесси дагы эле талкууланууда. Менин оюмча, жолугушуу болушу ыктымалдыгы жогору",- деди Рябков.

Рябков июль айында Стамбулда өткөн Россия - Украина сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасында айтылган үч тараптуу формат сунушуна Киевдин азырынча жооп бере электигин кошумчалады.

Дипломатиялык пикир келишпестиктерди жөнгө салууга багытталган келечекте болушу ыктмал Россия - АКШ кеңештерине токтолгон Рябков процесстин бир нече жолу жылдырылганын, бирок логистикалык себептерден эмес экендигин белгиледи.

Министрдин орун басары: «Биз токтоп калуунун ордуна, конкреттүү прогресске жетишүүнү каалайбыз», - деди жана Москванын мындай сүйлөшүүлөрдү «күздүн аягына чейин» өткөрүүгө үмүттөнөрүн кошумчалады.

Рябков Вашингтондун Украинага карата мамилесине да токтолду.

Рябков : «Америкалыктардын бардык идеялары бизге ылайык болбосо да, жалпысынан акыл-эске негизделгендигин ойлоп жатабыз",- деди.

Европада Россия менен сүйлөшүүгө каршы жана «Россияны чөгөлөтүүнү" каалаган " ашыкча милитаристтерди» сындаган Рябков бул адамдардын «сезимталдуулук менен баа берген үндөрдү бастыргандыгын» айтты.

Министринин орун басары: “Европанын паранойясы Вашингтондогу акыл-эсти баспасын”, – деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Европа колдонгон орус энергетикасын Американын экспорту менен алмаштыруу чакырыктарына токтолгон Рябков мындай сунуштарда «жаңы нерсе эмес" деп, Россиянын энергетика тармагынын атаандаштыкка даяр экенин баса белгиледи.

Рябков негизги маселе Вашингтондун карым - катнаштарды өнүктүрүү идеясына берилген бойдон калабы же жокпу, бул Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин өткөн айда Анкориджде (Аляскада) болгон жолугушуусунда белгиленген жол экенин айтты.

Иликте
Президент Эрдоган Алжирдин президенти Теббун менен cүйлөштү
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү