ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
НАТО Парламенттик саммитине 20 парламент спикери катышат
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуштун жетекчилигинде 28 - 29 - июнда Стамбулда өтө турган НАТО парламенттик саммитине 20 парламент спикери менен союздаш өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен эл аралык уюмдардын башкаруучулары катышат.
НАТО Парламенттик саммитине 20 парламент спикери катышат
Осмон империясынын кереметтүү мурасы Долмабахче сарайы 170 жашта

Түркия Улуу Улуттук Праламентинин билдирүүсүнө ылайык, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлери 7-8-июлда Анкарада өтө турган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине чейин Стамбулда жолугушат.

Өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда парламенттик деңгээлде кеңешүүгө жана пикир алышууга шарт түзө турган саммитке 20 парламент спикери, 3 парламент спикеринин орун басары, НАТО Парламенттик Ассамблеясынын төрагасы Маркос Перестрелло, НАТО Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Радмила Шекеринска, НАТО ПАнын Төрагалык кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышат.

Саммиттин алкагында Албания, Улуу Британия, Болгария, Чехия, Дания, Эстония, Финляндия, Хорватия, Нидерландия, Швеция, Италия, Түндүк Македония, Латвия, Литва, Люксембург, Норвегия, Польша, Португалия жана Словакиянын парламент спикерлери Стамбулда чогулушат.

НАТОнун Парламенттик ассамблеясы тарабынан 2024 - жылдан бери үй ээси өлкөлөр менен кызматташтыкта өткөрүлө баштаган саммит НАТОнун лидерлер саммитинин алдында парламенттик координациянын бекемделиши жактан маанилүү платформа мүнөзүндө.

НАТОнун парламент спикерлеринин саммити дүйшөмбү күнү, 29-июнда Долмабахче сарайында өтөт. Жыйында парламент спикерлери жана делегация башчылары сөз сүйлөшөт.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын саммиттин алкагында өткөрүлгөн расмий түшкү тамакта катышуучулар менен жолугушуп, сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Иликте
Эрдоган АК партиянын түптөлүшүнүн 25 - жылында сүйлөгөн сөзүндө:"Эми гана баштап жатабыз",- деди
Захарова Түркиядан келген тынчтык демилгелерин кылдаттык менен карап жаткандарын билдирди
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди
Түркияда акыркы 24 жылда 2 миң 251 километр жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясы курулду
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду