ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
TOGG Германияда жаңы моделин тааныштырды; Европа базарына чыгууну максат кылууда
TOGG Башкармалыгынын төрагасы Фуат Тосялы компаниянын Түркиядагы ийгилигинен кийин Европага кадам ташташы бурулуш учур экендигин белгиледи.
TOGG Германияда жаңы моделин тааныштырды;  Европа базарына чыгууну максат кылууда
/ AA

Түрк электр унаа чыгаруучу TOGG жаңы седан моделин тааныштырып, Европага сатууну Германиядан баштай турганын жарыялады. TOGG Европанын эң чоң жана атаандаштыкка жөндөмдүү автомобиль рыногуна кирип, жаңы киреше мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатат.

TOGG дүйшөмбү күнү Т10Х электрдүү жол тандабас моделинин Европадагы бет ачарын өткөрдү жана  T10F  аттуу электрлүү беш каалгалуу седан   үлгүсүн таанытты. Германияда эки моделге алдын ала буйрутмалар сентябрь айынын аягында ачылат.

TOGG директорлор кеңешинин төрагасы Фуат Тосялы, компаниянын Түркиядагы ийгилигинен кийин Европага жайылышынын маанилүү окуя болгонун айтты.

Тосуялы TOGGдун өндүрүш жолу жана туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып жатып, төмөнкүлөрдү билдирди: "Тарыхта биринчи жолу интеллектуалдык менчик укуктары толугу менен Түркияга таандык болгон унааны чыгаруу, өлкөбүздүн өнөр жай тарыхына көз чаптырсаңыз, өзүнчө эле бир кыйынчылык болчу жана биз муну ишке ашырдык. Кудайга шүгүр, биз багынбадык, алдыбыздан кыйынчылыктар чыкса да, ар дайым чечимге багытталганбыз, көп иштедик".

 Эки моделдин баасы тууралуу маалымат бериле элек.

TOGG өткөн жылы Түркияда болжол менен 30 000 T10X электр жол тандабастарын сатты. Ушул жылдын август айына чейин сатуу 42% га көбөйүп, болжол менен 21 000 даанага жетти.

Fisker, Lordstown жана Arrival сыяктуу башка кээ бир электромобиль стартаптары ийгиликсиз болуп, инвесторлор азыр да бул зыянга учураган операциялардын айрымдарын каржылоону улантууда.

VinFastтын негиздөөчүсү вьетнамдык электр унаа өндүрүүчүсүнө 1,52 миллиард долларга изилде -  өнүктүр  бөлүгүн сатып алып инвестиция салды жана 2026-жылдын аягына чейин киреше алууну көздөп жатат.

Америкалык электр унаа өндүрүүчүсү Lucid Сауд Арабиясынын Коомдук Инвестиция Фондунан болжол менен 8 миллиард доллар алды, ал эми Фольксвагендин Ривиандагы 5,8 миллиард долларлык инвестициясы америкалык стартап үчүн өмүр линиясын түздү.

Иликте
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды