Шейшемби күнү катуу суук Европанын көпчүлүк бөлүгүн каптады. Кар жана муз Нидерландияда жүздөгөн каттамдардын токтотулушуна алып келсе, Франциянын жолдорунда беш адамдын өлүмүнө себеп болду.
Нидерландияда улуттук темир жол тармагындагы үзгүлтүккө учуроолор системанын иштебей калышынан улам күчөп, шейшемби күнү эртең менен бардык ички поезд каттамдары токтотулду. Өлкөнүн айрым аймактарында поезддер саат 09:00дөн кийин GMT боюнча кайрадан иштей баштаса да популярдуу туристтик жай болгон Амстердамдын айланасында көйгөйлөр улантылды.
Амстердамдан Парижге жасалган жогорку ылдамдыктагы Eurostar каттамдары же жокко чыгарылды же кечигүү менен аткарылды. Шаардагы Схипхол аэропортунда 400дөн ашуун авиакаттам токтотулду. Каттамдардын басымдуу бөлүгүн Air France-KLM компаниясынын Нидерландиядагы бөлүмү токтотту. Буга Европадагы маанилүү транзиттик борборлордун бири болгон бул аэропорттогу кыймылды беш күндөн бери токтотуп турган кышкы катаал аба ырайы себеп болду.
Испаниянын жараны Хавьер Сепулведа Норвегиядагы үйүнө кайтуу үчүн Схипхол аэропортунда үч күндөн бери камалып турат. Сепулведа шейшемби күнү эртең мененки саат 6:30да KLM жардам кызматына кезекке турганын жана алты саат өткөнүнө карабастан кезектин башына чыга албаганын айтты.
39 жаштагы Сепулведа кырдаалды «баш аламан жана көзөмөлсүз» деп мүнөздөдү.
Германияда шейшемби күнү эртең менен түштүктө жана чыгышта температура -10 градус Цельсийден (14 Фаренгейт) төмөн түштү. Түндүк деңизге жакын аймактар менен бирге өлкөнүн көпчүлүк бөлүгү кар менен капталды. Метеорологдор жума күнү өлкөдө күтүлүп жаткан бороондон улам, айрыкча түндүктө жана чыгышта катуу кар жаай турганын божомолдошууда..
Францияда дүйшөмбү күнү Париж аймагында жана өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө кар жаагандан кийин түнкүсүн катуу суук болду. Франциянын батышындагы жана түндүгүндөгү алты кичинекей аэропорт жабылды, ал эми Париждин эки негизги аэропортунда каттамдардын токтотулбай тургандыгы билдирилди.
Франциянын транспорт министри Филипп Табарот эриген кардын түнкүсүн кайрадан тоңушунан улам жолдордун кооптуу болуп баратканын эскертип, жарандарды мүмкүн болушунча аз саякаттоого жана үйдөн иштөөгө чакырды.
BFMTV жана башка француз маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, дүйшөмбүдөн бери жүрүп жаткан үшүккө байланыштуу жол кырсыктарынан беш адам каза болду. Парижде дүйшөмбү күнү токтотулган ишин кайра баштагандан кийин автобус каттамдарында олуттуу үзгүлтүктөр болду.
Батыш Балканда бул аптада катуу кар жана жамгыр жолдордун жабылышына, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына жана дарыялардын ташкынына алып келди. Босния жана Герцеговинанын борбору Сараеводо дүйшөмбү күнү бир аял нымдуу кардын салмагы астында кулаган дарактын астында калып каза болду.











