ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
УККда «Террорсуз Түркия» жана «Террорсуз аймак» демилгелери талкууланды
Түркия Чыгыш Жер Ортолук жана Эгей деңиздериндеги маселелерди диалог жана дипломатия жолу менен чечүү позициясын улантарын билдирди.
УККда «Террорсуз Түркия» жана «Террорсуз аймак» демилгелери талкууланды
Улуттук коопсуздук кеңеши чогулду / Anadolu Agency (Wire)
 

Улуттук коопсуздук кеңешинин (УКК) билдирүүсүндө: "Террорсуз Түркия" процесси жана "Террорсуз аймак" максаты боюнча конкреттүү прогресс жана учурдагы кырдаал каралды", - деп айтылды.

Билдирүү президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында президенттик сарайда өткөн УККнын жыйынынан кийин жарыяланды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланган билдирүүгө ылайык, жыйында Кеңешке ПКК/KЖК-ПЙД/ЙПГ, ФЕТӨ жана ДЕАШ террордук уюмдары башта болгон улуттук биримдикке жана өлкөнүн жашоосуна коркунуч туудурган ар кандай коркунучтарга каршы ички жана тышкы чөйрөдө чечкиндүүлүк менен жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер, ошондой эле акыркы мезгилде болгон эл аралык окуялар тууралуу маалымат берилди.

Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө: “«Террорсуз Түркия» жана «Террорсуз аймак» демилгелери боюнча жетишилген натыйжалар жана учурдагы абалдын каралганы белгиленди. Улуттук тилектештикти жана социалдык интеграцияны чыңдоо жөнүндөгү мыйзамдын алкагында жүргүзүлгөн көп кырдуу иш-чаралар чечкиндүүлүк менен улантыла турганы айтылды. Уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөштө жетишилген этап талкууланып, жарандарыбыздын тынчтыгына, жыргалчылыгына, өмүрүнө жана мүлкүнө багытталган жана коомдук тартипти бузууга аракет кылган түзүмдөргө эч кандай шартта жол берилбей турганы баса белгиленди.

Сирия жана Ирак менен бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мааниси белгиленип, Түркия аймакта коопсуз, туруктуу жана гүлдөгөн келечекти куруу багытындагы аракеттерин улантары айтылды.

Түркия Чыгыш Жер Ортолук жана Эгей деңиздериндеги маселелерди дипломатиялык жол менен чечүү позициясын сактап, эл аралык укуктан келип чыккан укуктарын коргоодо чечкиндүү болорун билдирди.

Билдирүүдө Түркиянын Азербайжандан Түрк Мамлекеттер Уюмунун төрагалыгын өткөрүп алгандан кийин түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттерин күчөтөрү белгиленип булар айтылды:”Израилдин Палестина, Ливан жана Сирияга карата оккупациялык саясаты аймактагы туруксуздукту күчөтүп жатканы белгиленип, эл аралык коомчулук Израилге карата чечкиндүү позицияны карманууга чакырылды. Ошондой эле Россия-Украина жана АКШ/Израиль-Иран согуштарындагы акыркы кырдаал талкууланып, жаңжалдын Кара деңизден Жер Ортолук деңизине чейин жайылуу коркунучуна тынчсыздануу билдирилди. Түркия дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тынчтыкты орнотуу максатында бардык тараптар менен байланыштарын улантарын билдирди. Мындан тышкары, Ливиянын биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо аракеттери бааланып, өлкөнүн тынчтыгы менен өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү улантылары белгиленди”.

Иликте
Түштүк Корея: "АКШ-Иран согушуна аралашуу жана аймакка аскер жөнөтүү ниетибиз жок"
Түркия Египетте танкердеги өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Акыркы 48 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан он сегиз палестиналык каза болду
Иракта ДЕАШ террордук уюмунун мүчөсү болгон сегиз француз жараны өмүр бою эркинен ажыратылды
Түркия-Ливия деңиз аймагы жөнүндө келишими Расмий гезитте жарыяланды
Алжирде эки унаа катышкан жол кырсыгынан 12 адам каза болду
БУУ: "Сомалиде гуманитардык жардам планынын болжолдуу түрдө 36 пайызы гана каржыланган"
ВТА «Манас» аэропортундагы тамак-аш жана суусундуктарды сатууну өз көзөмөлүнө алды
Достук дельфиндердин өмүрүн узартат
Пакистанда курулуп жаткан алты кабаттуу имараттын кулашынан үч адам каза болуп, 14 адам жаракат алды
Судан армиясы Түштүк Кордофанда бир дронду атып түшүргөнүн билдирди
Фенербахче Чемпиондор Лигасында Шахтер Донецкти 1:0 эсебинде жеңди
Испанияда суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты
Израиль Газада өлтүргөн палестиналык журналист Рори Пек сыйлыгы менен сыйланды
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды