Собянин бул тууралуу социалдык медиа аккаунту аркылуу билдирүү жасады.
Москва аймагын көптөгөн дрондор бутага алганын билдирген Собянин: "Кечээ саат 23:00дөн бүгүн эртең мененки 7:00гө чейин Москва аймагын көздөй 462 дрон учту. Алардын көбү абадан коргонуу системалары менен алыскы аралыктан жок кылынды. Москвага жакындаган 123 дрон жок кылынды", - деди.
Собяниндин маалыматына караганда, тез жардам кызматтары атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары табылган аймактарда ишин улантууда.
Чабуулдардан улам Москвадагы аэропорттордо учактардын конушуна жана учушуна убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Украинага таандык 1246 дрон ар кайсы аймактарда жок кылынды
Россиянын Коргоо министрлиги түн ичинде абадан коргонуу системалары тарабынан Украинага таандык 1246 дрондун жок кылынганын билдирди.
Билдирүүдө бул дрондор Москва шаары менен бир катар аймактарда атып түшүрүлгөнү айтылды.
Дрон чабуулунан Брянск облусунда 9 адам жаракат алды
Россиянын Брянск облусунун губернатору Егор Ковальчук дагы социалдык медиа баракчасында аймакка дрондор менен чабуул жасалганын билдирди.
Ковальчук дрондордун бири заводдун жумушчуларын ташыган автобуска тийгенин белгилеп:"Кол салуудан тогуз адам жаракат алды",- деп кошумчалады.















