САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Маск X компаниясына чоң кибер чабуул болгондугун айтты
Мүмкүн болсо, мындай кол салуу үчүн зор ресурстар керек болот жана бул бир өлкөнүн же чоң координацияланган топтун иши болушу мүмкүн деп болжолдоду Маск.
Маск X компаниясына чоң кибер чабуул болгондугун айтты
Украина туусунун үстүндө "Кибер чабуул" деген сөзү жана экилик коддору менен көрсөтүлгөн сүрөт / Reuters

Илон Маск дүйшөмбү күнү X платформасы чоң киберчабуулга кабылганын билдирди. Бул болсо саясий жактан талаштуу миллиардердин бутага алынганы же мурдагы Twitter кызматкерлерин кыскартуу чечими социалдык тармакка таасир берип жатканы жөнүндө суроону күн тартипке алып чыкты.

Дүйшөмбү күнү эртең менен X платформасында көйгөйлөр башталганын Downdetector байкоо сайты маалымдады. Азия, Европа жана Түндүк Америкадагы колдонуучулар платформаны ачуу мүмкүн болбой жатканын билдиришти.

“X платформасына чоң (жана дагы деле уланып жаткан) киберчабуул болду,” - деп Маск платформасында жазды. Күн өткөн сайын платформа кээде иштеп, кээде иштебей жатканын байкоого болот.

SpaceX жана Tesla компанияларынын жетекчиси өткөн жылы Дональд Трамп менен маек платформадан көрсөтүлөр алдында сайттын иштебей калышын дагы киберчабуул менен байланыштырып, бирок далил келтирген эмес.

Маск DogeDesigner аттуу эсептен жазылган билдирүүнү бөлүшүп, акыркы киберчабуул анын жеке өзүнө болгон терс мамиленин дагы бир көрүнүшү экенин айтты. Бул анын жетекчилигиндеги “Өкмөттүн натыйжалуулугун камсыздоо департаменти” (DOGE) боюнча нааразылыктар жана Tesla объектилерине зыян келтирүү окуялары менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Fox Business телеканалына берген маегинде Маск чабуулда колдонулган компьютерлердин санариптик даректери Украина аймагынан чыккандай көрүнгөнүн жана X платформасы эмне болгонун так аныктоого аракет кылып жатканын билдирди.

Киберкоопсуздук боюнча адистер X платформасынын ишин ичинен көрбөй туруп абалды баалоо кыйын экенин, бирок көйгөйдүн узакка созулушу чабуулдун белгиси болушу мүмкүн экенин белгилешет.

“Бул толук күчүндө жүрүп жаткан киберсогуш,” - деп Deepwatch киберкоргонуу платформасынын өкүлү Чад Крегл билдирди.

“Маск көңүл борборунда турганда жана саясий чыңалуу күчөп жатканда, бул чабуулдар мамлекеттер аралык агрессиянын белгилерин көрсөтөт.”

Иликте
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду