Индонезиянын бийлиги Батыш Ява провинциясындагы мыйзамсыз алтын кенинде ондогон адам камалып калган деген кооптонуудан улам куткаруу операциясын баштады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары шаршемби күнү билдиришти.
Jakarta Globe гезитинин маалыматына караганда, Богор аймагындагы Чигуха жергесинде жайгашкан алтын кени шейшемби күнү кечинде болгон жер көчкүдөн улам жарым-жартылай урап, суу астында калды.
Учурда бир нече куткаруу тобу аймакта издөө иштерин жүргүзүп, кендин шахталарындагы сууну сордуруп чыгарууга аракет кылууда. Бирок суу али тартыла элек ошондуктан куткаруу операциясы узакка созулушу мүмкүн.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, кенчилер эки башка шахтада иштеп жатышкан. Алардын биринде 16 адамдын болгону маалымдалды, экинчи шахтадагы жумушчулардын саны азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, Чигуха аймагы көп жылдан бери мыйзамсыз алтын казуу иштери менен белгилүү.
Булак: Jakarta Globe














