Миссисипиде кичинекей учактын кулашынан экөөсү бала алты адам каза болгону кабарланды.
АКШнын Жээк күзөт кызматынын өкүлү Хуан Рос Миссисипиде “Cessna 210” үлгүсүндөгү кичинекей учактын деңизге кулаганын билдирди.
Учактын калдыктары табылганын айткан Рос ал жерден 8 жана 10 жаштагы эки бала менен төрт чоң кишинин сөөктөрүн тапкандарын маалымдады.
СУНУШТАЛАТ
Дүйнө жүзүндөгү учуу маалыматтарын көзөмөлдөгөн FlightAware платформасынын билдиришинче, учак Луизиана штатынын Жаңы Орлеан шаарынан Флорида штатынын Форт-Майерс шаарына бара жаткан.
АКШнын Федералдык авиация агенттиги (FAA) жана Улуттук транспорт коопсуздугу кеңеши окуяга байланыштуу иликтөө баштады.













